Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мамлекеттик деген макам алган эне тилибиз 30 жашка толду

Мамлекеттик деген макам алган эне тилибиз кечээ күнү 30 жашка толду. Бул 30 жылдык мааракенин келиши да оңойго турган жок. Мунун аркасында опол тоодой эмгек турат. Кыргыз тилинин мамлекеттик статус алуусунда кыргыздын залкар инсандары кошо жүгүрүп, кошо жан тартып, күйөрмандык кылышкан. Алардын арасында алп жазуучу Айтматов, кара сөздүн чебери Түгөлбай Сыдыкбековдор бар.

Убагында 3 эски тигүүчү машина менен баштаган ишкерлик акырындык менен өнүгүүгө өр алды. Бул трикотаж өндүрүштүн ишмердүүлүгү Түркия менен тыгыз байланыш. Аталган өлкөнүн 23 жыл мурда башталган бизнеске тийгизген таасири чоң. Ал кезде өндүрүш эч бир атаандаштыкка туруштук берчү эмес. Буга тигүү машиналардын талапка жооп бербегени себеп болгон. Бүгүнкү күндө токулган кездемелерди даярдоо үчүн Түркиядан сырье алып келишет. Даярдалган продукциялар Россияга жиберилүүдө. Көлөм базардагы абалга жараша болот. Жылына 30 миң даанага чейин трикотаждар тигилет. Бүгүн бул сыяктуу ишкерликти өнүктүрүү максатында борбордо кыргыз-түрк бизнес-форуму уюштурулган. Эки мамлекеттин ишкерлери катышкан иш-чарада тараптар бири-бири менен кызматташууга кызыктарлыгын билдиришти. Алсак, Али Ихсан-Атар Кыргызстан дайыма инвестицияны колдоорун белгилейт. Айтымында, азыркы көйгөйлөрдүн бири маалыматтын аздыгы. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүп жатканын Президент Сооронбай Жээнбеков бизнес-форумдун ачылышында белгиледи. Былтыр Түркиядан жалпысынан 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат. Форумда өндүрүш тармагын мындан ары дагы жакшыртуу аракети көрүлүп жатканы белгиленди. Ал үчүн Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан өндүрүш аймагын түзүү үчүн 41 гектар жер бөлүнгөн. Бул кездеме чыгаруу ишканаларын биргеликте иштетүүгө шарт түзмөкчү.

Ар улуттун улуттугун аныктаган паспорту, эн белгиси бул анын тили. Андыктан ар бир кыргыздын улуттук паспорту бул кыргыз тили. Доор тогошкон, кылым алмашкан кыйын кезеңде да кыргыз тили жок болуп кетпей, муундан муунга, энеден балага, атадан урпакка өтүп бүгүнкү күнгө келди. Эне тилибиз эне сүтү менен бизге берилди. Азаттыктын, эркиндиктин энчисине бүткөн тилибиздин мамлекеттик деген макам алганына 30 жыл толду.

Ош шаарында «Кырсыктардын тобокелин азайтуу» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Аталган саамалык ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан уюштурулуп,жарандык коргонуу кызматынын өкүлдөрү да катышты. Бул аталыштагы иш-чара 2017-жылдан бери бир ай аралыгында өткөрүлүп келет.

Математика – бул илимдердин падышасы, ошол эле учурда айти сферасы дагы бүгүнкү күндөгү керектүү тармактардын бири. Илим менен техника өнүккөн бул заманда айти адистери абадай эле керек. Бул жаатта ийгилик жараткан Кыргызстандык азаматтардан да уучубуз кур эмес.Бүгүн сөз кыла турчу каармандарыбыз да эл аралык олимпиадаларга катышып байгелүү орундарды багынткандар.

Европа жана Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин спикерлеринин кеңешмесине дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн өкүлдөр катышат. Бул тууралуу бугун Нурсултан шаарында Казакстан мажилисинин Эл аралык коопсуздук комитетинин төрагасы Мухтар Ерман чет өлкөлүк массалык маалымат каражат өкүлдөрү маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында ЕАЭБ алкагындагы ишенимдүү мамилелер европалык саясатчыларды өзүнө тартууда. Бул ирээт Нур-Султан шаарында өтөт.

Өлкөдө бешинчи баскычтагы бүгүндөн тарта акысыз бирдей шартта, кошумча төлөмсүз гемодиализ кызматын ала алышат. Эске салсак, буга чейин өкмөт тарабынан бул оору менен ооругандар үчүн, гемодиализ кызматын мамлекеттик бюджеттин эсебинен уюштуруу жана жүргүзүү тартиби бекитилген. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдардын саны бир жарым миңден ашат.

Кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине бүгүн туура 30 жыл толду. Бул датаны белгилөөдө өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай майрамдык иш-чаралар жогорку денгээлде өтүп жатат. Айтсак, Бишкек шаарынын так ортосунда мамлекеттик тил күнүнө карата китеп жарманкеси да орун алып, жарманке Жогорку окуу жайларынын студенттери тарабынан уюштурулган.

Ар улуттун улуттугун аныктаган паспорту, эн белгиси бул анын тили. Андыктан ар бир кыргыздын улуттук паспорту бул кыргыз тили. Доор тогошкон, кылым алмашкан кыйын кезеңде да кыргыз тили жок болуп кетпей, муундан муунга, энеден балага, атадан урпакка өтүп бүгүнкү күнгө келди. Эне тилибиз эне сүтү менен бизге берилди. Азаттыктын, эркиндиктин энчисине бүткөн тилибиздин мамлекеттик деген макам алганына 30 жыл толду.

Мен Пирамиданы жакшы көрөм!

Я люблю Пирамиду!

ПИРАМИДА: Сиздер менен ар убак! «Медиа Холдинг Пирамида» ЖЧКсы — Кыргызстандагы алгачкы коммерциялык телерадиокомпания. Телеканал 1994-жылдын 6-декабрында негизделген. Телеканал өзүнүн ишмердүүлүгүндө бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, көрүүчүлөрү барган сайын арбып, бүгүнкү күнү көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан сүйүктүү каналы бойдон калууда. Ошондон улам “Сиздер менен ар убак!” деген урааныбыз жаралды.

Ош облусу жана Ош шаарында жол кырсыгы мурдагыга салыштырмалуу көп катталган. Буга себеп айдоочулар ылдамдыкты ашырып же мас абалда унаа башкарганында дейт жол тескөөчүлөр. Ошол эле учурда жөө жүргүнчүлөр да эрежени сактабайт.

Улуттук көчмөндөр оюндары күн санап кызып барууда. Себеби, финалдык оюндарга бир эле кун калганы копчулукко маалым.Буга ылайык, дээрлик баардык спорттун турлору боюнча жети облус жана эки шаардан келген командалар арасында откорулуп жатат. Бугун, ордо, тогуз коргоол оюндары улантылып, ал эми эр эниш, салбуурун, кыргыз курош оюндары откорулуп, жыйынтыктар чыгарылды. Ошондой эле Бишкек шаары, Чуй, Талас жана Ош облустарынын кок боручулору финалга чыгуу учун ат салышты.

«Бир айыл бир продукт» деген ураан менен Ысык-Көл облусунда 7 жылдан бери айылдарды өнүктүрүү максатында жакшы долбоор иштеп келет. Анын башкы максаты озүбүздүн жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен, экспортко багытталган продукцияларды ар бир айылда даярдоо. Быйылкы аймактарды онүктүрүү жылына карата бул иш чара жалпы республикага жайылтылып, ар бир аймак озүнүн климаттык өзгөчөлүгүнө жараша продукцияларды өндүрүүнү максат кылып турган чагы.

Күнүбүздө күз, өлкө аймагы боюнча оруп жыюу иштери аяктоонун алдында турат. Дыйкан фермерлер жазда сепкен үрөөнүн жыйып, жайлата эмгектенгенин сатууга камдап турат. Аларды түйшөлткөн эле маселе оргон арпа-буудайына, казган картөшкөсүнө кардар чыгабы? Эмгегинин акыбети кайтаарда экспортко чыгууда маселе жаралбайбы?