Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Алтын ийнеден» жасалган куурчактар

«Таңкы Пирамида» базар кыдырды

«Пирамида Жумалыгынын» бул жумадагы берүүсүндө. Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланыштуу сотко чейинки иши аяктап, кылмышка тиешелүү деген фигуранттарга тааныштырылууда. 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия ишин баштады. “Бирөө ичкенге суу таппай жүрсө, дагы бири кечүү таппай жүрөт”, Кыргызстандагы таза суу көйгөйүнүн күнгөй тескейи. Аймактарды байланыштырган жолдор аман эле болсун. “Жол азабы, көр азабы”, жолдон жонулган каражаттар жана аракеттер. Желдей учкан жебе менен жаа жасаган Кубан Томотоев бабалардын өнөрүн улап келет.

“Пирамида Жумалыгы” берүүсүнүн бул жумадагы чыгарылышында. Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Атамбаев, Аида Салянова жана Шамил Атаханов менен беттештирилди. Өмүрбек Текебаев үй камагына чыгарылды, ал Атамбаевден өч албайм бирок аны жандагандар мыйзам алдында жооп берсин деди. Быйыл биринчи класска 156 миң бала кабыл алынса, жүздөгөн балдар мектепке барбай талаа иштери менен, араба айдап, токоч сатып оокат кылышканы айтылууда. Жалган ушак менен жан баккандар тизгинделет, фейк маалыматтарды тескөө башталды. Коомчулукта муну сөз эркиндигине басым кылып жатат дегендер да бар. Эгемендикке ээ болгонубуз менен эмнелерден ажырадык?- миллиондон ашуун мигранттар сыртта журсө, сырткы карыз төрт миллиарддан ашты. 28 жыл бою саясатта эр эңиштен өйдөлөй албай ээрден шыпыргандан бөлөк эч нерсе үйрөнө албадык.