Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаштар — коомдун негизги тиреги

“Жаштар иш жүзүндө коомду өзгөртүүнүн объекти болушу керек, анткени алар экономикалык өсүштүн жана мамлекеттин бакубатчылыгын камсыздоонун баа жеткис кадрдык ресурсу”. Мындай пикирин Жаштар саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу маселеси боюнча өткөн кеңешмеде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Бул концепция Өкмөттүн 18-октябрындагы №562-токтому менен бекитилген. Эми өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги концепциянын биринчи этабы боюнча иш пландарынын долбоорун алты ай ичинде иштеп чыгышы керек.

Мугалимдер маянасы жогорулабаса же башка маселелер боюнча райондук борборлордо атайын түзүлгөн бөлүмдөргө кайрылса болот. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди. Ошондой эле, жыйында өлкө аймагынын баардык билим берүү тармагында эмгектенгендер 5 ноябрга чейин 30 пайыз көбөйтүлгөн тартипте айлык маяналарын алышаары дагы белгилүү болду.

Жыл соңуна чейин Бишкек шаарына миңден ашык камера орнотулат. Бул тууралуу бүгүн өткөн Патрулдук милиция кызматынын пилоттук долбоорунун ачылышында белгилүү болду. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы жаңы ачылган Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын «Командалык борборун» да көрүп чыкты. Бүгүнтөн тарта Кайгуул милициясы пилоттук режимде Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштей баштады. Иш чарада сөз сүйлөгөн өлкө башчысы «Патрулдук милиция — мамлекет менен граждандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору» экендигин долбоору экендигин белгилеп, калктын милицияга болгон ишенимин кайтаруу башкы максат деди.

Дээрлик 30 жылдан бери оңдоп түзөөдөн өтпөй, бейтаптарга бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, коомчулуктун сынына кабылган Ош шаарындагы балдардын жугуштуу стационарында ремонт иштери жүрүүдө. Бул үчүн республикалык бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту кабыл алды. Аны менен бирге ага 160 миң сом айып салынып, мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу чечими чыкты. Илмияновго, жүк ташуучу унааларга коюлган камакты алып салуу үчүн бир фирмадан 150 миң доллар алган деген айып тагылып жаткан. Бүгүн бишкек шаарынын төрт райондук сотунда да тең мурдагы аткаминерлердин иштери каралды.
Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мунун алкагында мамлекетти чейрек кылым башкарган улуу инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Осмонакун Ибраимовдун «Турдакун Усубалиев: өмүрү жана тагдыры” аттуу китебинин бет ачар аземи өттү. Ага Усубалиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, замандаштары жана президенттик аппараттын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.
Быйыл Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толот. Башында, департамент Судьялар кеңешине караштуу сот администрациясы гана болгон. Анын штаттык саны болгону 36 адамды түзгөн. Бирок, чейрек кылым ичинде ал Департаментке айтанып, азыркы учурда республиканын бардык сот органдарынын материалдык-техникалык базасы жана соттук актыларды аткаруу үчүн жооп берет.
Бишкектин жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Бул ирет баш калаанын Аска-Таш жаңы конушуна көгүлтүр от киргизилип, жашоочулар жаратылыш газы камсыз болушту. Калктуу конушка газ берүү салтанатына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрү жана конуш жашоочулары катышты.
29-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Буга карата баш калаанын соода борборлорунун биринде атайын акция өткөрүлүп, анда дарыгерлер катышуучуларга инсульт алган адамга биринчи жардам көрсөтүү тууралуу маалымат берип, кеп-кеңештерин айтышты.
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Батырали Сыдыков көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Буга ылайык бүгүн борбор калаада бир катар иш-чаралар өтүп, ага өлкө профессор, окумуштуулар гана эмес атайын Өзбекстандан дагы коноктор чакыртылган. Себеби, Батырали Сыдыков Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык, гуманитардык мамилелерди чыңдоого көп аракетин жумшаган.
1-ноябрдан тарта борбор калаабыздын тургундарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясында өткон жыйында белгилүү болду. Тиешелүү тармактын кызматкерлеринин билдирүүсүндө бардык жылуулук ишканалары кышка даяр. Бүгүнкү кундө Бишкек ЖЭБинде көмүрдүн запасы 200 000 тоннадан ашат. Кыш мезгилиндеги аба температурасы өткөн жылдардагыдай болсо бул көлөм кыштын дээрлик теңинен ашыгына жетет.
Борбор калаадагы Түлебердиев көчөсүндөгү көп жылдан бери каралбай, таштандыга толуп калган парк эми гүлдөгөн эс алуу жайына айланат. Бүгүнкү күндө шаардык мэрия эс алуу жайды таштандыдан арылтып, ички жолдорун жасап, отургучтарды орнотуу жана жарыктандыруу сыяктуу иштерин жүргүзө баштады. Эс алуу жайды оңдоп түзөөгө шаардык бюджеттен 40 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Парк шаардыктарга 2020-жылдын май айында пайдаланууга берилет.
Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жыл, 5 ай, 24 күн аркалаган Турдакун Усубалиев Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта белгилүү. Дал ушул Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген чыгаан мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата Ош шаарында илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, облус жетекчилери Турдакун Усубалиевдин жакындары, аны менен бирге иштешкен замандаштары катышып, мамлекеттик ишмердин даңазалуу өмүр жолу тууралуу ой бөлүшүштү.
Бишкекте 15-ноябрдан тарта муздак суу менен канализацияны колдонуу тарифи жогорулайт. Тийиштүү токтомду Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Ал эми сунушту «Бишкек суу каналы» берген. Ага ылайык, 1000 литр муздак суунун тарифи жарандар үчүн 8 сом 10 тыйынга, ал эми канализацияны колдонуу — 2сом 30 тыйынга жогорулайт. Мекеме тарифтин арзандыгынан улам чыгым тартып жатат. Маалыматка караганда, аталган ишкана 2017-жылы 94,2 миллион сом, 2018-жылы 89,8 миллион сом чыгым тарткан.
2020-жылдын 1-январынан баштап бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ал эми ушул айдан тартып агартуучулар 30 пайызга жогорулаган маяна алышат. Мындай токтомго ушул айдын башында өкмөт башчы кол койгон.