Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Сиз үчүн мугалим ким?

Үстүбүздөгү жылы “Экологияны таза сактайбыз” акциянын алкагында 9 миң тонна таштанды чогултулду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу миң тоннага көп. Мындай пикирин «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Венера Мамбетмусаева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, экологиялык акцияга катышууну каалаган жарандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Бул ирет 6 жашар баладан 80 жашка чейинки кары адамдар, мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү акцияны колдоп, активдүү катышкан.

Кыргыз-Кытай мамилеси бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда. Ортодогу соода жүгүртүү да бардык ченемдер боюнча жогорку пайыздагы көрсөткүчкө жетти. Маданий гуманитардык алакага келе турган болсок, ал да өз нугунда өнүгүү динамикасын кармап турат. Маселен ушул жылдын жайында кытайлык артистер кыргызстанга келип Манас операсын коюшту. Кытайлык тарыхчылар кыргыз тарыхына байланышкан жаңы маалыматты ачыкташты. Жакында эле өлкө башчысы Манас операсын койгон чыгармачыл топко сыйлык тапшырды. Кечээ болсо Кытай төрагасы этникалык кыргыз апага жогорку мамлекеттик сыйлык берди.

Чүй ОИИББнын мурдагы башчысы Самат Курманкулов өзүнө келди. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди. Буга чейин Самат Курманкуловдун абалы акырындык менен жакшы болгондугу, ал сүйлөй албаса дагы баардык кыймылдарга реакция берип жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Бүгүн өкмөттө өткөн комиссиянын отурумунда Саламаттык сактоо минисри Космосбек Чолпонбаев жаракат алган жарандар тууралуу маалымат берди.

Медиахолдинг Пирамиданын бүгүнтөн баштап жаңыланган сайтты ишке кирди. Каналдын расмий сайттын телеканалдын эфирдик сеткасынан чыгуучу жаңылыктар чыгарылышынан турган маалыматтык блоктор, коомдук-саясий, социалдык, экономикалык темаларды камтыган берүүлөр, сереп, билим берүүчү жана көңүл ачуучу таңкы шоу долбоорлору түзөт. Ал эми, көрөрмандар жана окурмандар үчүн сайтты колдонуу ыкмасы жөнөкөй жана түшүнүктүү.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип бүтүп, башкы прокуратуга жөнөтүлдү. Сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында 19 шектүүгө билдирме берилди. Алар жемкорлук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери менен айыпталууда. Шектүүлөрдүн арасында мурдагы өлкө башчы баштаган жоон топ аткеминерлер бар…