Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл пикир: Макалды улантыӊыз «жакшынын шарапаты…»

Апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

2019-жылдын жаңырышы менен жаңы мыйзамдар жана кодекстер күчүнө киргени баарыбызга маалым. Аны менен бирге кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри да иштеп баштаган. Ага ылайык кылмыш ишин козгоо үчүн тергөөчү атайын токтом чыгарбайт, ал болгону Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жарандардан түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү каттайт жана ошол убактан тартып тергөө иш-чараларын жүргүзөт.

“Чоку болот тоолордун бийик жери, чокудай бол Кыргыздын жигиттери” демекчи, кыргыздын кыраан эр азаматтары, мекен үчүн бек турууга, өлкөбүздүн коопсуздугун өз моюндарына алууга анттарын беришти. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү департаментине кабыл алынган 350 жоокердин ант берүү аземине кызматтын төрагасы Мелис Турганбаев, ата-энелер жана жакындары катышты.

2000-жылдары өлкөдө кургак учук оорусуна чалдыккандардын саны 100 миң калктын санына 168 адам туура келген. Ал эми бул көрсөткүч 2018-жылы 83кө азайган. Башкача айтканда, 2 эсеге кыскарган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 5 миң 200дөн ашуун адам кургук учук оорусу менен жабыркайт. Кургак учук оорусунун алдын алуу жана болтурбоо максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги көптөгөн эл аралык уюмдар менен биргеликте бир топ алгылыктуу иш аракеттерди жүргүзүп келет. Айтсак, министрлик USAID эл аралык уюму менен “Кургак учукту айыктыруу” долбоорун иштеп чыкты. Аталган долбоор 18 млн АКШ долларын камтып, толугу менен USAID эл аралык уюму тарабынан каржыланат.

Мамлекеттик унаа паркынын унаалары жаңы үлгүдөгү каражат менен жабдылды. Мунун натыйжасында эми күйүүчү-майлоочу майды 30 пайызга үнөмдөсө болот. Анткени, электрондук эсептөөгө ала турган жаңы каражат канча бензин куюлганын, канча сарпталганын, автоунаа кайсы маршрут менен жол жүргөнүн, жада калса кыймылдаткычтын иштеп токтогонуна чейин көрсөтөт.
Баткен окуясына 19 жыл. Буга байланыштуу Ош шаарында Баткен коогаланында каза болгондорду эскеруу иш чарасы отту. Ага жергиликтуу бийлик окулдору жана Баткен апаатынын катышуучулары катышты. Эскеруудо жоокерлердин мекен ынтымагын сактоого болгон эрдиктери айтылды. Ошондой эле Алай районундагы Жениш багында согушта баатырларча курман болгондордун элесине арналып эстелик тургузулду.
Түндүк түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштери кызуу уланууда. Азыркы учурда көк арт ашуусуна курулуп жаткан тоннелдин түндүк тарабынан да түштүк тарабынан да оюп кирүү иштери жүрүп жатат. Аны менен бирге бишкек кара балта жолунунун курулушу да өз ырааты менен жалгашууда. Жолчулар суук түшкөнчө асфальт төшөп калуунун аракетин көрүп жатышат.

Токтогул гидроэлектрстанциясында жүрүп жаткан реабилитациялоо иштери толугу менен 2023-жылы аягына чыгарылат.Мындай пикирин ГЭСти реабилитациялоо долбоорун ишке ашырган топтун мүчөсү Исак Худайбердиев билдирди. Анын айтымында, учурда техникалык реконструкциялоо этабы аягына чыгарылып, 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдык, баштан аяк модернизацияланган.

Кыргыз милициясына 95 жыл! Бул датага карата Ош облустук ички иштер башкармалыгы бир катар сынактарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүдө. Бүгүн тартип коргоочулар жана жөнөкөй жарандар арасында 3 чакырымга чуркоо боюнча мелдеш өттү. Анда катышуучулар үч категорияга бөлүнүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.