Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңылыктар: саат 20:00до // жума, 29.11.2019

Мыйзамга жооп бербеген көрнөк-жарнактарга айып салынат. Жаңы түзүлгөн “Бишкек жарнак” ишканасы борбор калаадагы жарнактардын баарын көзөмөлгө алып, тийиштүү чара көрөт.

Бишкекте “Сот актыларын түзүү республикалык студенттик таймашы” аталышындагы сынактын төртүнчү айлампасы өттү. Ага өлкөнүн жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери катышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар келечектеги соттор үчүн пайдалуу.

Япония мамлекети өлкөбүздөгү көптөгөн тармактарга, анын ичинде социалдык мекемелерге да ар түрдүү программалары менен гранттык жана башка негиздерде жардамын көрсөтүп келет. Чүй облусундагы Беловодск айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык стационардык мекемеси да быйыл мындай жардамга ээ болду.

Ботулизмдин токсиндери туздалган бадыраңдарды чыгарган ишкананын продукциясынан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, ноябрда ботулизм менен жабыркаган бейтап каттоого алынган. Лабораториялык изилдөөдө бадыраңдардан ботулизмдин токсиндери аныкталды. Буга өндүрүш маалында технологиялык процесстин бузулгандыгы себеп болушу ыктымал.

Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн ички өндүрүшкө түрткү берет. Бул максатты ишке ашырууга 2020-жылы 4 млрд 800 млн сом каралууда. Бул жакка «Centerra Gold» компаниясынын каражатына түзүлгөн эки фонддун финансылык каражаттары жумшалат. Мындан тышкары буга чейин донорлор тарабынан берилген 2 млрд сом стартаптарды жүзөгө ашырууга, аялдар ишкерлигин колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы долбоорлорду колдоого жумшалат. Жалпысынан аймактарды өнүктүрүү үчүн былтыркы 2 млрд сомдун ордуна 6 млрд 800 млн сомго каржылоо иштери жүрөт. Бүгүн Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” жана “2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору 2-окууда каралды.
Борбор калаанын Максим Горкий көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайлардын өрт коопсуздугу текшерилди. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери жүргүзгөн күтүүсүз рейдин жүрүшүндө талаптарга жооп бербеген бир канча тез татым жайлары аныкталды. Алардын айрымдарына айып салынса, кээ бирлерин иштөөсүнө тыюу салынды.
Азыркы учурда Кыргызстанда 187 миңден ашуун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болсо, алардын 32 миңге жакыны 18 жашка толо электер. Аларды коомго туура интеграциялоо максатында бир топ иштер аткарылып жатат. Негизгилери катары БУУнун майыптардын укуктары боюнча конвенциясынын ратификацияланышы болду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жылдын жыйынтыгы катары өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болгондой мындан башка дагы балдарга жөлөк пул, сүйүнчү акча өңдүү бир катар кызматтарды алуу жол-жоболору кыйла жеңилдетилди.
Акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, өндүрүш жана айыл чарба багытындагы ишканалар көбөйүүдө. Бизнести колдоо максатында өлкө бийлиги бир катар жеңилдетилген насыяларды берип келет. Алсак ушул күнгө чейин Жалал-Абал облусундагы ишкерлерге Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 16 миллион доллар бөлүп, натыйжада 265 долбоор ишке кирген.
ЖККУга төрагалык кылуу Россияга өттү. Бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп, анда Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул убакыт аралыгында кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылды. Аскерий, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Сооронбай Жээнбеков уюмдун алкагында Орусияда алгачкы ирет «Эшелон» атайын машыгуулары, Тажикстанда «Бузулбас боордоштук» жана Орусияда «Өз ара иш-аракет» биргелешкен машыгуулары өткөрүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле, Орусиянын жалпы Евразия чөлкөмүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракетине баа берди. Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Ал документтердин мазмунунда глобалдык жана чөлкөмдүк коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташуу, тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу жана уюмдун алкагында алаканы жакшыртуу сыяктуу маселелер каралган.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү эки МИ-8МТ үлгүсүндөгү тик учак жана 4 П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станция менен камсыз болду. Аны Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде белек кылды. Салтанаттуу иш-чара күн мурун Кант шаарындагы авиациялык техникалык аскер бөлүгүндө өттү. Ага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоев Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин баштаган аскер кызматкерлери катышты.