Кыргыз милициясына 95 жыл. Иш чара токтогул сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленип, ага өлкө башчысы сооронбай жээнбеков катышты. «Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — тартип күзөтчүлөрүнүн эң башкы милдети экендигин президент белгиледи. Иш чарада өлкө башчысы Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн бир нече кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырык, ардак грамоталарды ыйгарды.
Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракеси олкобуздун туштугундо да белгиленди. Ош шаардык борбордук аянтында откон майрамдык парад болуп,андан кийин кызматын мыкты аркалаган тартип сакчылары сыйланды.
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин таңкыстыгы 11,9 млрд сомго түштү. Бул сумма 2017-жылы 17,3 млрдды түзгөн. Үй бүлөлүк дарыгерлердин жана мугалимдердин айлыгы жогорулады. Алтын өндүрүүнүн көлөмү артты. Айыл чарбада экспорттун көлөмү көбөйүүдө.
Бүгүн Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинде, белгилүү англиялык акын, жазуучу, философ Оскар Уальттын, “Жылдыз бала” жомогу коюлду. Спектакльга айландырылган жомок, артистердин ат үстүндө жана акробатта актёрлук чеберчиликтери менен көркөмдөлгөн. Жомоктун идеясы жаш өспүрүмдөрдү жаман жолдон алыстатып, туура жолго үндөйт. Анын сценарийин 22 жаштагы Жыргалбек Талантбек уулу жазып, 40 га жакын актёр ойногон.
Өлкөдө экстракорпоралдык уруктандыруу аркылуу балалуу болгондордун саны жыл санап өсүүдө. Европа, ошол эле жакынкы Азия өлкөлөрүндө мындай ыкма кадимки көрүнүшкө айланган. Кыргызстанда жагдай башка. Көпчүлүк түгөйлөр муну купуя сыр катары жашырып келишет. Бүгүнкү күдө бала жытын тартуулаган эксторакорпоралдык уруктандыруу ыкмасы Бишкектеги Ankalife борборунда жасалып келет. Башкача айтканда 2015-жылдан бери аталган борбор 300 дөн ашуун ымыркайды ЭКО ыкмасы аркылуу жарык дүйнөгө алып келген.Аталган клиника үйлөнүп, 2 жыл бою балалуу боло албай жүргөн жубайларга акысыз кызмат көрсөтөт.
Медициналык камсыздандыруу фонду мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук, эл аралык, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү зарыл. Буга ылайык, бүгүн борбор калаада аталган фонд мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен жолугушуп, анда камсыздандыруудагы көйгөйлөр жана аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында аткарылган иштер тууралуу сөз болду.