Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак

Балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка чыкмак. Улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды терең ачып берген Чолпонбек Базарбаев кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныткан. Ага

Быйыл Кыргызстанда көрүнүктүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мунун алкагында мамлекетти чейрек кылым башкарган улуу инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кыл иш-чаралар өтүп жатат. Бүгүн да Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянт ачылып, Турдакун Усубалиевдин эстелиги тургузулду. 2* Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары, замандаштары, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты.

Маданият кызматкерлерин өзгочо көңүл бурууга убакыт келип жетти. Мындай демилге аталган кесиптин ээлерин куттуктоо аземинде Жогорку Кенештин төрагасы белгиледи. Бул майрамдык салтанат Кыргыз  Республикасынын маданиятынын өнүгүп өсүүсүнө салымын кошкон Кыргыз Эл артистери кызыл килемден өтүп, иш чара бардык багытты камтыган өзгөчө форматта өттү. Эске салсак, Мындан улам  Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы президенттин кенешчиси Султан Раевдин, Жогорку Кеңешинни төрагасы Дастан Жумабековдун, Вице- Премьер министри Алтынай Өмүрбекованын жана жалпы маданият кызматкерлеринин катышуусу менен өттү. Майрамдык салтанатка маданият тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектинип жаткан кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Бир катар дары–дармектердин баасын төмөндөтүүгө багытталган дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелери бекитилди. Тиешелүү чечимге Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Биз бүгүнкү берүүбүздө дарылардын баасына болгон көзөмөл тууралуу кеп кылмакчыбыз.