Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мугалимдердин маянасы жогорулады

Тарбия башаты билим демекчи, келечектеги илимдүү, билимдүү муундун тагдыры мугалим, окутуучулардын колунда десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Бул маселени колго алган бийлик, берген убадасын так аткарып, агартуучулардын айлык акысын 30 пайызга көтөрдү.
Базарданбы, дүкөндөнбү же буйрутма мененби, айтор кышкы бут кийимди сатып алууда көпчүлүк таза булгаарыдан жасалган бут кийимге басым жасашат эмеспи. Ал ысык-суукка чыдамдуу келип, бутта жагымсыз жытты да пайда кылбайт. Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Абдулла Матрахимов 55 жылдан бери териден бут кийимдерди тигип келет.
Кыргызстанды чейрек кылым башкарып, элине сиңирген эмгеги үчүн кадырман аксакалга айланган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата «Саясат энциклопедиясы» 8 томдук китеби жарык көрдү. Анын автору, профессор Аттокур Жапанов китепти 10 жыл мурда саясий ишмер менен жолугушкандан кийин жаза баштаган.
Өлкө аймагында Органикалык айыл чарба департаментинин окуу борборлору түзүлдү. Эми бул багытта иш алып баргысы келген фермерлер ал окуу борборлордон билим алып, долбоорлор менен иштешсе болот. Бүгүн борбор калаада жыйын өтүп, анда органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланып, өлкө аймагындагы токойлорду коргоо боюнча сунуштар айтылды.
Кыргыз дипломатиясына 75 жыл. 1944-жылы Кыргыз ССР Тышкы иштер эл комиссары уюштурулуп, Казы Дикамбаев комиссар болуп дайындалган. Бул дата тышкы саясатты тескеген мекеменин түзүлгөн күнү катары тарых барактарында жазылып калган. Бүгүн, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган иш-чара жана «Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуунун жыйынтыктары жана келечеги» форуму болуп өттү. Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипкорпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, дипломаттар, тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.
Адамзаттын жашоосунда автоунаанын маанилүү бир орду бар. Тажрыйбалуу айдоочулар унаасын кышка, күздүн келиши менен эле, башкача айтканда кар түшө электе даярдап баштайт. Кырсыктардын кескин өсүшү кыш мезгилинде эки эсе жогорулайт. Эгер ар бир айдоочу унаасын кышка даярдап алса жолдогу кырсыктардын алдын алат. Мындан улам унаасын кышка даярдай элек айдоочулардын көпчүлүгү дөңгөлөк алмаштыруучу жайларда кезекке турат.

Быйыл Композиторлор союзунун түзүлгөнүнө 80 тыл толду. Буга карата борбор калаада бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу иш-чара болуп, ага Композиторлор союзунун кызматкерлеринен тышкары Президенттик Аппараттын жана Жогорку Кеңештен өкүлдөр катышты. Анын алкагында мааракеге карата композитор, обончулар арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белектер дагы тапшырылды.