Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы кабыл алынды. Өкмөттүн берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору мамлекеттик бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана бюджеттик жүрүмдү натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккан.
Жашыл сатып алуулар — бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбөөчү азыктар жана кызматтар. Алар экологияны таза сактоо менен бирге экологиянын эффективдүүлүгүн жакшыртып, инновациялык ойлоп табууларга жол ачат. Бүгүн борбор калаада “Кыргызстандагы «жашыл» сатып алуулар — реалдуулукпу же кыялбы?” деген темада туруктуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча тегерек стол өттү.
Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кесипке үйрөтүү үчүн кыска мөөнөтүү окуу курсу ачылды. Мында маалымат технологиялары багыты боюнча сабактар өтүлүүдө. Азыркы учурда долбоордун алкагында 16 жаран билим алууда. Окууну аяктаган соң аларга атайын сертификат тапшырылып,жумуш менен камсыз болушат.
Ал эми Өзбекстандын борборунда жыйырма бешинчи эл аралык туристтик жарманкеси-2019 старт алды. Ага дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. «Жибек жолундагы Туризм» аталышындагы үч күндүк туристтик жарманкеси Франция, Италия жана башка алыскы чет өлкөлөрдөн да, өкүлдөрдү чогулткан. Иш чаранын алкагында катышуучулар Чыгыш базар, «Жибек Жолунун даамы» улуттук тамак фестивалы сыяктуу жерлерге барышат. Өзбекстанда туристтик жарманке туралуу, жеринен биздин жеке кабарчыбыз кеңири маалымдайт.