Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду Азия өнуктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы каржылык макулдашуунун негизинде “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 2016-жылы түзүлгөн. Долбоор 18 млн сомго бааланып, каражатты Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн. Муну менен эмгек мигранттары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жумушсуз жарандар кыска мөөнөттө билим алып, кесипке ээси болууда. Айтсак, 2016-2018-жылдары 17 миң 500 адам окутуудан өткөн болсо, үстүбүздөгү жылы 5 миң 240 адам кесиптик билим алууга үлгүргөн. Анын 45 пайызын аялдар ал эми 55 пайызын эркектер түзөт. Бул аралыкта кесипке ээ болгондордун 75 пайызы жумуш менен камсыз болгон. Билим берүү өлкөнүн бардык аймактарында 83 кесиптик окуу жайда жүргүзүлүп келет.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу ачык соттук отурум уланды. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик айыптоочулар Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүштү. Ошондой эле бул жазадан сырткары айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чиндерин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу тууралуу суранычтар айтылды.
Суук катуулаган сайын Биринчи май районундагы муниципалдык “Коломто” жайына үй-жайсыз, көчөдө калган адамдар көп келе баштады. Бул жай убактылуу түнөп кетүүнү каалагандардан сырткары, социалдык коргоо, тез жардам, милиция кызматтары же жергиликтүү бийлик тарабынан жиберилген адамдарды да кабыл алат. Дээрлик 20 жылга жакын убакыттан берип иштеп келе жаткан мекемени каржылоо үчүн райондук бюджеттен жылына 5 миллионго чукул каражат бөлүнөт.
Эртең Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Коңшу өлкөнүн Президентинин сапары 27-ноябрда болсо, анын эртеси ЖККУнун саммити өтөт. Буга байланыштуу 27-28-ноябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет.
Балдарды асырап алуу системасында реформа жүрүп баштагандан бери өлкөдө 4 балдар үйү жабылды. Мындай маалыматты “Балдардын укугун коргоо лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Буга чейин бул системанын татаалдыгы көп көйгөй жаратып келсе, эми «Түндүк» тутумунун жардамы менен керектүү документтерди чогултуу кыйла жеңилдеди.
Түштүк калаадагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында электрондук күндөлүк системасы ишке кирди. Эми бул кызматтын жардамы менен ар бир ата-эне мугалим, окуучу тууралуу толук маалыматты электрондук тиркеме аркылуу ала алат. Ошондой эле, ата-энелер балдарынын сабактардан канча баа алгандыгын дагы көрө алышат.
Чыңгыз Айтматов жана Манастын айкели Казакстандын Нур-Султан шаарына орнотулат. Боордош эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү былтыр 853 млн долларды түзгөн. Албетте, эки тараптын тең максаты бул сандарды 1 млрдга жеткирүү. Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, буга чейин болуп келген тоскоолдуктар дээрлик жоюлду дешет серепчилер.
Aдамдын өмүрүнө зыян келтирбеген же кырсык жаратууга себепкер болбогон эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмү абдан эле чоң болуп жатканы коомдун ичинде ар кандай пикирлерди жаратып келет.
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапарга даярдык жана анын күн тартибине байланыштуу маселелер тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков журналисттерге маалымат берди. Казак бир туугандардын башчысынын мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар тармактардагы маселелер талкууланып, документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визити 27-ноябрга белгиленип жатса, анын эртеси Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммити өтөт. Отурумдун күн тартиби 21 маселеден турат. Саммиттин алкагында Сооронбай Жээнбековдун баардык өлкө лидерлери менен эки тараптуу жолугушуусу пландалууда. Ошондой эле мамлекет башчысы Ташкент шаарында өтө турчу Орто Азия мамлекет башчыларынын Экинчи консультативдик жолугушуусуна катышары да белгилүү болду.