Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев бир күндүк мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен алгач жекеме-жеке, андан соң кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү. Эки өлкө ортосунда меморандум түзүлүп, келишимдер арасында инвестиция тартуу, экономикалык кылмыштарга каршы күрөш, миграция, саламаттык сактоо, эки өлкө ортосундагы «Актилек» жана «Кара-Суу» өткөрмө бекеттерине жакын көпүрө куруу сыяктуу тогуз документке кол коюлду. Казак президенти эки өлкө ортосундагы маанилүү болгон суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, «Борбор Азияда суу ресурстары – жалпыбыздын байлыгыбыз деди. Орто-Азиядагы дарыялардын башында турган Кыргызстан менен Тажикстан сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстары жалпыбыздын байлыгыбыз деп келет. Бул жаатта суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларда бир топ айырмачылыктар бар. Андан сырткары эки өлкө ортосундагы Өткөрмө бекеттер боюнча келишимге кол коюлду. Эми «Кичи-Капка» өткөрмө бекетинин кыргыз жана казак жарандары үчүн иши жанданат. Ошондой эле «Каркыра» өткөрмө бекети буга чейин күндүз эле иштеп келсе, эми күндүр-түндүр иштеген режимге өткөрүү каралды.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму тажик-ооган чек арасын талкуулады. Уюмдун Бишкекте өткөн жыйынында 15 документке кол коюлуп, анын мазмунуна көңүл бөлө турган болсок, глобалдык жана аймактагы коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташуу, тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу жана уюмдун алкагында алаканы жакшыртуу сыяктуу маселелер каралды. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, уюмдун кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип, бул жолу тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга басым жасалганын белгиледи. Эске салсак ушул айдын 6-ноябрга караган түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетинде куралдуу кол салуу болгон эле. Тажик бийлиги болсо бул окуяны «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. «Кол салууда» бир чек арачы менен бир милиция кызматкери курман болгон.
Акыркы эки жумада бажы кызматынын ишмердиги менен андагы коррупция тууралуу гезит беттеринде, телевидения менен социалдык желелерде номур биринчи темага айланды. Албетте бул тармактагы ири коррупциялык схемалар тууралуу буга чейин баары билишсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болуп келгени чындык. Бажыдан сырткары Кыргызстан менен коңшу өлкөлөрдүн соодагерлери акча жүгүртүүнүн ар кандай жолдорун колдонуп келишкен. Айрымдарын банк аркылуу которуу менен жүргүзүшсө, накталай алып өтүү менен да иштеп келишкен. Албетте анын баарында күч органдарынын кызматкерлери менен бажы кызматкерлери туйтунуп, жаап жашырып турушканы кашкайган чындык. Кечээ парламентте Кыргызстандын казынасынын жетишкендиги менен жетпей жаткандыгы боюнча талкууда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бизнес кылгандар Кыргызстандын банктары аркылуу 2018-жылы 90,5 миллиард АКШ доллары которулгандыгын, быйылкы жылдын алты айында 48,3 миллард доллар которулгандыгын айтты. Учурда ал кимдер аркылуу кандай которулгандыгы текшерилип жатат деди.
27-ноябрда Бишкектин Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, ЖЭБ боюнча айыпталгандарды 17 жылга чейин камакка алууну суранышты. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, айыпталып жаткан Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Ошондой эле айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүштү. Мындай жазадан сырткары айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чиндерин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу тууралуу суранычтар айтылды.