Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай камкордук көрүлөт?

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 187 миң адам жашайт. Алардын дээрлик 30 миңи – жашы 18ге жете элек балдар. Акыркы жылдары саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга Өкмөт өзгөчө көңүл буруп келгени маалым. Бирок жөлөк пулдар берилип, айрым социалдык жеңилдиктер каралганы менен адистердин айтымында бул жетишсиз болууда. 3-декабрда – Майыптардын эл аралык күнү белгиленет. Бул дата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган. Кыргызстанда майыптардын укугун коргоо жаатында кандай чаралар көрүлүүдө? Конокто эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров.