Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эми жарандар тишин акысыз дарылата алат

Айрым жарандарга эми акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кошбойлуу аялдарга жана өспурумдөргө кыска мөөнөттүк медидициналык жардам көрсөтүү үчүн атайын долбоор иштеп чыкты. Учурда ал Ош жана Бишкектеги медициналык мекемелерде иштеп жатат. Бул кызмат камсыздандырылган жарандарга гана көрсөтүлөт.
Бул жылдын ичинде кыйноолордун саны мурунку жылдарга салыштырмалуу азайган. Мындай тыянактар эркиндигинен ажыратуу жайларынан түшкөн кайрылуулардын саны боюнча негизделген. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Нурдин Сулайманов, «адам укуктары Кылмыш-жаза сот адилеттиги тутумунда» аттуу жыйында билдирди. Анын айтымында, борбордун дарегине келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны башка жылдарга салыштырмалуу төмөндөгөн. Форумда катышуучулар соттук системанын ишинин бардык деңгээлдеринде адам укуктарынын сакталышы жөнүндө докладдарды сунушташты.
“Манас” эл аралык аэропортунда жаңы эл аралык учуу залы ачылды. Анын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, эл аралык учуу залынын кызыл тасмасы салтанаттуу турдо кесилди.
Европа биримдиги Кыргызстанга эгемендүүлүккө ээ болгондон бери ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө Евробиримдик менен кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттардын бири – бул билим берүү тармагы. Биримдик 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин, бул тармакты өнүктүрүүгө дээрлик 72 миллион евро бөлүп берген. Көрсөтүлгөн каражатка 70ке жакын мектеп заманбап жабдыктар менен жабдылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган 10 мектеп окуу жабдыктары менен камсыз болгон.
Мамлекеттик чек ара кызматы үстүбүздөгү жылдын он ай аралыгында чек арадан 22 миллионго чукул адам жана бир жарым миллиондон ашык транспорт каражаты өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Ошондой эле аталган кызматтын бардык өткөрүү жайларынын видеобайкоо системаларын модернизациялоо боюнча иштер аткарылганын кошумчалады.
“Түндүк” системасы- бул мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, юридикалык жактарга, жарандарга жана уюмдарга электрондук түрдө, зарыл болуучу маалымат алмашууга мүмкүндүк бере турган маалыматтык тутум. Бул система бүгүнкү күндө Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашып жатат. Буга ылайык, эми өлкөдөгү бардык бизнес уюмдар,курулуш компаниялар “Түндүк” системасына кошулуп, бул аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен иш алып бара баштайт. Бүгүн борбор калаада көптөгөн курулуш компаниялардын,бизнес уюмдарынын өкүлдөрүнө , ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кирүү жолдору, анын кандай пайдалуулугу тууралуу докладдар жасалды.