Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Экс мэрлердин соту аяктады

Быйыл президенттин стипендиясына Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынан 74 студент ээ болду. Аны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Жалпы сынакка 150дөн ашуун студенттин документтери жөнөтүлгөн. Мыктыларды тандоодо атайын жумушчу топ иштеп, студенттин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык сынак, конкурстардан байгелүү орундарды алуусу, изилдөөчүлүк иштери, долбоорлорду презентациялоо, илимий изилдөөсүн мезгилдүү басылмаларга жарыялоо, студенттин тил билүүсү, коомдук, маданий иштерге активдүү катышуусу сыяктуу артыкчылыктарына карап тандалып алынган. Стипендиянын көлөмү 50 миң сомду түзүп, ал жылына бир жолу берилет. 150 миңден ашык студенттин арасынан суурулуп чыгып, мамлекет башчысынын колунан стипендия алып жаткан балдардын кубанычына биздин чыгармачыл топ да күбө болуп келди.

Борбор калаада мэрдин жаңы жылдык балатысы өткөрүлдү. Майрамдык кечеге аз камсыз болгон, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, балдар үйлөрүнөн келген жана ийгиликке жетишкен мектеп окуучулары болуп жалпы 1000ге чукул бала келген. Иш-чарада балдарга театрлаштырылган концерттик программа тартууланып, белектер берилди.

2021-жылдан тарта Кыргызстан беденин үрөнүн Россиянын Омск, Челябинск жана Свердлов облустарына экспорттой баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 109 үрөнчүлүк кооперативи бар.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдө 80ден ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыл жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди. Баарына маалым болгондой, өтүп бара жаткан жылы Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары, ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөрпоздору катышкан гала-концерт, «Россия гүлдөрү», Кыргызстандагы Россия күндөрү сыяктуу маданият тармагында бир топ иш-чаралар уюштурулган.

Ал эми түштүк калаадагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Алтын балаты-2020” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Иш-чарага мектептин алдыңкы окуучулары, балдар үйлөрүнөн, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелер келишти. Майрамдык кеченин жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, балдарга майрамдык маанай тартуулады.

Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт коопсуздугун сыноо лабораториясынын ачылыш аземи болду. Бул лаборатория өз кезегинде ар кандай жабдыктардын өрткө туруштук берүү сапатын жана өрт кырсыктары катталган учурда анын келип чыгуу себептерин изилдөөдө колдонулат. Ошондой эле министрлик Бишкек жана Ош шаарларына салынып жаткан көп кабаттуу жаңы үйлөрдүн курулуш материалдарынын өрткө каршы сапатын текшерүүгө мүмкүнчүлүк болоорун айтышты.
Жаңы жылдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту кароого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Анын ичинен Бишкек шаарында 2 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле 31-декабрь күнү жаңы жылдык майрамдык концертке карата Чүй проспектисинин айрым бөлүктөрү убактылуу жабылат.
31-декабрь күнү автоунааларга карата жеңилдетилген бажы алымынын жана салыктын мөөнөтү аяктайт. Буга ылайык бажы кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Алсак, буга чейин күнүнө 9 инспектор унаа каражаттарын тариздөө жайларында иштеп келген болсо, учурда штат кеңейтилип, 13 адам тынымсыз иштеп жаткан маалы. Кененирээк кийинки материалда сөз болот.
Биздин суу ресурстарыбызды пайдаланганы үчүн коңшу мамлекеттер компенсация төлөшү керек. Мындай пикирин Президент массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен маектешип жатып билдирди. Ал эми өзүбүздүн өлкө тууралуу айта турган болсок ирригация боюнча иштер бекитилген план боюнча жүрүп жатат. Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди, 3 объектинин негизги участкаларында иштер бүттү. Мунун жыйынтыгы менен 1924 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлүп, 3900 гектар жерге суу жетикирүү жакшырды. Деги эле акыркы убактагы экономика жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы иштерге кесиптешим саресеп салат.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында салтка айланган Президенттик балаты өттү. Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен чогу келди. Жаңы жылдык кечеге бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар. Президент Сооронбай Жээнбеков балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырса, өз кезегинде балдар мамлекет башчысына роботту тартуулашты.

Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди. Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны 3 саатка созулуп, ага дээрлик 200гө чукул ММК өкүлдөрү катышты. Сооронбай Жээнбеков алгач акыркы эки жылда аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берип, андан соң суроо-жоопко өттү. Журналисттер Жээнбековдон мигранттардын көйгөйү, алдыда өтө турчу парламенттик шайлоо, сөз эркиндиги, коррупция менен күрөшүү, чек ара маселеси, коңшу өлкөлөр менен болгон алакалар, “Коопсуз шаар” долбоору, айтор бардык тармактагы кызыктырган суроолорун узатышып, жооп ала алышты.