Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Күмөндөр Абылов жаңы жылды күлкү тамаша менен баштайт

Учурда Жаңы жылды тосууга камылгалар көрүлүп, өлкө базарларында түркүн-түстүү жардыргычтар, асманга атылуучу жарык чачкычтар жана башка пиротехникалар сатыла баштады. Жер жайнап чыккан жардыргычтар балдарды кызыктырары анык. Бүгүн Ош шаарынын базарларында атайын рейд өтүп, жарык чачкыч буюмдарды сатып алууда атайын колдонуу эрежелери жазылган көрсөтмө жана товардын тастыктамаларынын бар жогу текшерилди.

Бүгүн эртең менен Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси жөө аялды сүзүп, ал алган жараатынан улам жеринде жан берди. Жол инспекторлорунун берген маалыматына караганда №164 маршруттук каттамдын айдоочусу түштүк тарапты көздөй бара жатып, унаасын башкара албай жолдун чекесинде турган аялды койдуруп кеткен. Мындан улам Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочулар менен бирге жөө жүргүнчүлөрдү тайгалак жолдо акырын айдап, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Кыргызстанда “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” системасына 14 миңден ашык адам катталды. 1-июлдан тарта ишке кирген система камсыздандырылган адамдарга, анын ичинде пенсионерлерге өз ара аракеттешүүнүн ыңгайлуу ыкмасын көрсөтүүгө багытталган. Натыйжада кайсы бир жаран социалдык фонддун бөлүмүнө келип, жумуштарын бүткөрүү үчүн адистерге кезеке турбайт. Анын ордуна өздүк кабинет аркылуу керектүү маалыматтарды аралыктан сурап, ала алат.

Борбор калаада резонанстуу сот процесстеринин дагы бири аяктады. Коррупцияга айыпталган мурдагы мэрлер жана дагы 11 айыпталуучуга карата сот өкүмү чыкты. Анда белгилүү болгондой Албек Ибраимов 15 жылга кесилсе, калгандарына айып пул салынып, сот залынан бошотулду.

Бишкек шаарындагы үч мектепке кошумча окуу имараты салына баштады. Бул мектептерде окуучулардын саны эсептелгенден көп болгондуктан, үч сменада окууга туура келчү. Бишкектин жашоочулары жыл санап өсүп жаткандыгына байланыштуу жаңы мектептерди куруу талабы курч. Айрым мектептерде окуучулар класска батпай бир партага үчтөн-төрттөн отурган учурлар көп эле айтылып жүрөт. Жаңы курулуп жаткан мектептер бул көйгөйдү чечүүгө салымын кошот дешет адистер.

Кыргызстан коомчулугу белгилүү кинорежиссёр, СССРдин эл артисти, Болот Шамшиевди акыркы сапарына узатты. Ал Кыргызстандын жана Советтер союзунун гана кино искусствосунун эмес, дүйнөлүк маданияттын классиги эле. Ал гана эмес оргуштаган кыргыз оюну көк бөрүнү спортко айлантып, алгачкы эрежелерин иштеп чыгып, бүгүнкү деңгээлге жетишине зор салымын кошкон. Пирамида телеканалы залкардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жемкорлордон түшкөн каражатка Ош шаарындагы Н.Нариманов атындагы №7 мектеп-гимназиясынын дагы кошумча корпусу салына баштады. 500 орундуу бул имараттын курулушуна 54 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, депозиттик эсеп 2018-жылдын июль айында президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ачылган. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. Дал ушул атайын эсептен Бишкек жана Чүйдө 7ден, Ошто 1 мектептин курулушуна 799 млн сом бөлүнгөн эле.

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун бири – “Коопсуз шаар” долбоору. Аны ишке ашыруунун жыйынтыгында Бишкектеги унаа кырсыктардын саны 40 пайызга кыскарып, айдоочуларда жана жөө жүрүүчүлөрдө жолдо жүрүүнүн маданияты байкалаарлык өстү. Учурда бул долбоордун негизги этабы боюнча тендер процедуралары аяктап, 2020-жылдын май айына чейин жалпы республикага жайылтылат.

Бишкек шаарынын Чыгыш 5 кичи районунда Азия чемпиону Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплекстин курулушу башталды. Курулуш иштерине шаардык мэрия 50 млн сом акча каражатын бөлүп берген. Бүгүн калаа башчысы Азиз Суракматов капсула салуу аземине катышты. Комплекстин аянты 2 миң чарчы метрди түзүп, курулушу келерки жылы аяктап, 1-сентябрда пайдаланууга берилет.