Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

И. Раззаков атындагы КТУга 65 жыл

Чейрек кылымдык тарыхы бар, жылдардын сыноосунан өтүп, сиздердин сүймөнчүгүңүзгө айланган Пирамида каналы бүгүнтөн тартып жаңыланган форматта обого чыгууда. Бүгүн биздин канал өлкөнүн 7 облусунда бирдей көрсөтөт. Саясий чечимдер кабыл алынган парламенттин отурумдарын түз алып берген жападан жалгыз канал.

Өлкөдө азык-түлүккө болгон баалардын өсүү темпи жок, андыктан кооптонунун кереги жок. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. Анын айтымында, азык бааларында сырттан келип жаткан айрым бир товарлардын түрлөрүнө 1 сом айырмачылык болушу мүмкүн, бул мезгилдүү өсүш. Ал эми баа белгиленген наркынан 20 пайызга кескин көтөрүлсө Өкмөттүк деңгээлде чара көрүлөт.

Кыргыз элинин улуттук маданиятын жаны муун танбайт. Тескеринче, аны жаныча кабыл алып, жаны омур таруулап жатат. Бугун, Талас отбусунда отуп жаткан Улуттук кочмондор оюндарынын алкагында, маданий иш-чаралар старт алды. Буга ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош облустары жана Бишкек менен Ош шаарлары жобого ылайык, озулорунун аймагына тиешелуу театралдашкан маданий-программаларын тартуулашып, калыстардын сынынан отушту. Эртен, Талас, Чуй жана ыссык-Кол облустары театралдашкан оюн-зоогун тартуулашат.

Орто жана чакан бизнес өкүлдөрү, өлкөнүн экономикасынын негизги өзөгүн түзөт. Калкты тамак-аштан тартып, кийим-кече, күнүмдүк керектелчү товарлар, ар түрдүү кызматтар менен ишкерлер камсыз кылып турат. Бүгүн борбор калаада ишкерлер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, анда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон ишкерлер өкмөттүн жана экономика министрлигинин атайын сыйлыктары менен сыйланышты.

Улуттук көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча жарым финалга Бишкек шаары, Талас, Ош жана Чүй облустары чыкты

Ош облусунун Кашкар-Кыштак айылы тандыр устачылыгы менен жамы журтка белгилуу. Айылда бул онорду аркалаган бир нече киши жылына 1 минге жакын тандыр жасап, аны соодалап тирилик кылышат. Тандырларды ары жагы Алайга, бери жагы Бишкекке чейин алып кетишет. Орусияга да буйрутма менен жасап беришуудо. Тандыр жасоо сезону май айынан башталып, сентябрдын аягына чейин журот.

Аймактагы коомдук тартипти камсыздоодо милициянын ролу чоң. Ал эми мамлекет тарабынан бул тармакка өзгөчө көңүл бурулуп келет. Айтсак, жарандардын коопсуздугун сактоого салым кошкон милиция бөлүмчөлөрү жаңы имараттар менен камсыз болууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмерлер, кыргыздын чыгаан азаматтары Төрөбай Кулатов жана Султан Ибраимовго кыргыз республикасынын баатыры, ак шумкар өзгөчө белгисин алардын уул кыздарына тапшырды. Аны менен катар Манас орденин, даңк медалын, эл артисти, эмгек сиңирген артист, эл жазуучу, эл сүрөтчүсү сындуу мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президенттин колунан жалпы 164 адам мамлекеттик сыйлык алды.

Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири -тил, маданият жана тарых болуп эсептелет эмеспи. Соңку жылдары өлкөдө кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде кеңири сүйлөй алган башка улуттун өкүлдөрүнүн саны арбып барат. Алардын бири Есения Рябова. Ал кыргыз тилинде так сүйлөп,өзүнүн ойун кеңири жеткире алат. Есения Рябова учурда № 17 орто мектепте 2-класста окуйт. Ал кыргыз тилин мыкты билгендиктен кыргыз тил сабагынан ар дайым 5 деген баага арзыйт.

Талас жергесиндеги улуттук кочмондор оюндары кызуу откорулуп жатат. Кочмондор оюндарынын алкагында тазалыкка да озгочо конул буруу зарылчылыгы келип чыгууда. Анткени эл уюшулган жерлер айрым кайдыгер караган жарандардын кесепетинен таштандылар кобойуп кетуудо. Бирок, ыктыячылар тарабынан ташталган таштандылар оз учурунда жыйналып жатканы маалым болду.

Тогуз коргоол оюнунун экинчи туру жыйынтыкталды. Эске салсак, бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Таласта тогуз коргоол оюну старт алган. Буга ылайык, Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде тогуз коргоол боюнча оюн жүрүп жатат.

Талас облусу улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча жарым финалга чыгышат. Бүгүн, тан эрте Райкан Алканов атындагы ат майданына көрүүчүлөр жык толуп, жергиликтүү көк бөрүчүлөрдүн курама командасы менен Ош облусунун спортчулары беттешти. Финалга тете оюн көргөзгөн эки облустун көк бөрүчүлөрүнө 2 миң көрүүчүгө ылайыкташкан ат майданда 5 минден ашуун көрүүчүлөр назар салды.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жанжалдан жаракат алып, Бишкекке алынып келинген 10 адамдын абалы туруктуу. Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков № 4 клиникалык ооруканасында атышуудан ок тийип, дарыланып жарандардан кабар алды. Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, жаракат алгандар кечээ, 17-сентябрда аскердик-транспорттук учак менен Бишкек шаарына толук дарыланууга жеткирилген болчу.

2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат. 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражат тартуу иштери жүрүүдө. Ичүүчү суу менен катар сугат суу көйгөйү да бар. Аны чечүү максатында Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы кабыл алынган. Ал толук ишке ашса 65 миң гектар дың жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат.

Баткендеги чек ара чыры далай саясатчынын упай топтогон куралына айланды. Бир кезде бийликте туруп чек арага кадам басып барбаган, же кыргыздын жерин четинен кертип саткан саясатчылар эми минтип чоң сүйлөп, чек араны минтип эле койсо чечилет деп акылдуулук кылгандар арбыды. Айтылуу Адахан Мадумаров да бүгүн чек арадагы чыр боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү болгон. Бирок саясатчы жыйынга келип, курч суроолорун берген кабарчыларды кара күчкө салып сүйрөп чыккан.