Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңылыктар: саат 20:00до //шаршемби //08.01.2020

9-13-январь күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Ал эми 13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Мындай учурда тиешелүү кызматтар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалап, унаа тыгындарын алдын алууга бардык чараларды көрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жаңырган 2020-жылы жогорку окуу жайларда реформа жүргүзүүнү көздөп жатат. Анын алкагында аккредитация берүүчү агенттиктердин критерий жана стандарттары кайрадан каралып чыгат. Бул реформанын негизги максаты — замандын талабына ылайык окутуу жана билим берүү сапатын жогорулатуу.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Жашоо дарак” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Ага 6-класстын окуучусу Бек Нуркалый уулунун жана ошол курактагы балдардын сүрөттөрү коюлган. 100дөн ашык эмгектин автору болгон Бек Нуркалый уулу азыр 13 жашта. Өнөр ээси төрт жашка чейин сүйлөгөн эмес. Бирок сүрөт тартып баштаган соң тили чыгып, жакындарын кубанткан. Адистердин айтымында, сүрөт тартуу аң сезимди өрчүтүп, тилдин чыгышына чоң жардам берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды. Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. 2* Алар менен катар мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты катары балдарды, өзгөчө жетим, оор турмуштук абалда калган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды колдоо дагы Жарлык аркылуу белгиленген. Быйылкы жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.