Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жаңылыктар: саат 20:00до //дүйшөмбү //13.01.2020

Жакында эле Таласта октон жаракат алган жана Жумгал районунда сарайлардын бирине малга кол салып, ошол жерде камалып калган ак илбирстин абалы канааттандырарлык. Бул боюнча тиешелүү органдар өткөргөн маалымат жыйында маалым болду. Учурда эки жаныбар тең кызматкерлердин жана ветеринарлардын тыкыр көзөмөлүндө.

Өлкөнү санариптештирүү концепциясынын негизинде жаңырган жылы “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык система пилоттук түрдө ишке киргени турат. Бул система жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында маалыматтарды алмашууда негизги платформа болуп эсептелет. “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системанын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, бул система ошондой эле жергиликтүү элге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Ош шаарында балдардын 43% бала бакча менен камсыз болгон. Ал эми өзүнүн кезегин күтүп, бакчага барууну каалаган бөбөктөр миңдеп саналат. Бул көйгөйдү чечүүнү калаа бийлиги колго алып, учурда 4 жаңы бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Аймактык кабарчыбыз кененирээк токтолот.

«Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында өлкөнү санариптештирүү жумуштары үчүн 2020-жылдын бюджетинен 500 миллион сом каралган. Анын 40 миллион сомго жакыны салык кызматына бөлүнүп берилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Өкмөт башчынын билдиришинче, үстүбүздөгү жылда республиканын экономика тармагы толугу менен санарип форматка өткөрүлүшү керек.

Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында салык төлөөчүлөр менен иштөөчү жаңы бөлүм түзүлдү. Эми аталган бөлүм аймактык салык кызматтарында салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн деңгээлин жакшыртууну, «Бирдиктүү терезелерден» жарандарды сапаттуу жана ыкчам тейлөөнү камсыздайт. Ошол эле учурда жарандарды кабыл алууда кызматкерлердин орой мамилелерине болгон даттануулар, коррупциялык көрүнүштөр да эске алынат. Башкача айтканда, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн ар бир райондун жетекчиси орнотулган видео байкоочу жабдык аркылуу онлайн түрүндө көзөмөлдөп турат.

Чек арадагы абалга байланыштуу эртең, 14-январда Өкмөт мүчөлөрү баштаган бардык күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу өтөт. Анда коопсуздук, чек аранын татаал тилкесинде коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирет. Анын айтымында, Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе Президенттин жана Премьер-министрдин туруктуу көзөмөлүндө.