Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Каржы институттары аймактардагы долбоорлорду каржылоону көбөйттү

Кепилдик фонд быйыл берилүүчү кепилдиктин суммасын 1 миллиард 200 миллион сомго чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу фонддун башчысы Малик-Айдар Абакиров журналисттерге билдирди. Абакиров белгилегендей, үстүбүздөгү жылы да фонддун ишмердүүлүгү аймактардагы ишкерлерди колдоого багытталат. Алдыда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун да чоң пландары бар. Аталган фонд ишкерлерди каржылоонун көлөмүн 105 миллион долларга чейин көбөйтөт.

Кыргызстанда электр энергиясын пайдаланган 1,5 млнго чукул абонент бар. Бүгүнкү күндө анын 215 миңи электр энергияны акылдуу эсептегич аркылуу колдонуп келет. Быйылкы жылы дагы 300 миң абонентти акылдуу эсептегичке өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, электр энергияга болгон тариф соңку 6 жылдан бери өзгөргөн эмес. Быйылкы жылы да бул нарк туруктуу сакталат.

2020-жыл экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди. Жыйындын жүрүшүндө 2019-жыл үчүн мамлекеттик органдардын ишинин экономика, финансы, эл аралык мамилелер, социалдык жана маданий чөйрөлөрдөгү негизги жыйынтыктары чыгарылды.

Өзгөн шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектептин окуучулары 4 нөөмөттө билим алууга аргасыз. Анткени билим уясынын бир корпусу авариялык абалда деп табылган. Мындан улам бир жарым миң бала билим алган мектепке кошумча окуу имаратын куруу зарылдыгы келип чыгып, 2017-жылы 525 орундуу окуу корпустун курулушу башталган.

Мындан туура 26 жыл мурда мамлекеттик герб кабыл алынган. Аны легендарлуу парламент өзүнүн токтому менен бекиткен. Гербде эркиндикти сүйгөн, бийиктикти байырлаган ак шумкар көзгө урунат. Артында Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл, андан соң чокусу көк тиреп, мөңгү баскан Ала-Тоо, аркасында бүтүндөй ааламга нурун тегиз чачкан күн, капталында токчулуктун белгиси болгон буудай жана эмгекти сүйгөн элдин пахтасы чагылдырылган. Гербдин авторлору Садырбек Дубанаев жана Асейин Абдраев. Гербди кабыл алууга сынак жарыяланып, ага өлкөнүн туш тарабынан 1600дөй эскиз келип түшкөн. Алардын арасынан иргелип отуруп учурдагы герб кабыл алынган.

Советтер союзунун учурунда пионерлер үйү, эгемендик жылдары жаштар театры орун алган имараттын курулушу 1929-жылы башталып, пайдаланууга берилген. Андан бери арадан 90 жыл өтүп, имарат урап калуу коркунучуна кептелди. Дээрлик отуз жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн театрдын чатырынан суу агып, аянычтуу абалда. Мындай жагдайды эске алган Өкмөт кооптуу имаратта иштеп жаткан артисттер үчүн жаңы имарат куруп берүү чечимин кабыл алган.