Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Өкмөт: 2020-жылы социалдык багытты өнүктүрүү активдүү улантылат

Өкмөт 2020-жылы социалдык багытты өнүктүрүүнү активдүү улантат. 2019-жылы 189 мамлекеттик кызмат санарипке өткөрүлүп, жарандардын кыйла убактысынын үнөмдөлүшүнө шарт түзүлдү. Союз ыдыраган соң жеке колдорго менчиктештирилип кеткен 224 бала бакча мамлекетке кайтарылып, анын 200ү учурда иштеп жатса, калгандарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары 133 мектеп билим эшигин ачса, Кыргызстандагы дээрлик бардык мектептерге интернет жеткирилип, электрондук китепкана деген заманбап терминди биздин алыскы аймактагы окуучулар да колдонуп баштады. Ал эми үстүбүздөгү жылда кандай алга жылуулар күтүп турат кийинки материалда.

Ош шаарында жаңырган жылдан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда “онлайн кезек” системасы иштеп баштады. Мында бейтаптар үйүндө же жумушунда отуруп эле сайт аркылуу катталып койсо болот. Муну менен кезек күтүү көйгөйү чечилип, бейтаптардын убактысы да үнөмдөлөт.

Кыргыз-тажик чек арасында алмашылчу жерлер аныкталат. Азыркы тапта топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришти. Жумушчу топко 1-мартка чейин Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. 1* Белгилей кетсек күн мурун «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында 6 маселени камтыган протоколго кол коюлган болчу.