Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Айрым айып пулдар азайтылып, жасалма номур таккандардын жазасы күчөтүлдү

Бузуулар жөнүндө кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизилип, бир катар жол эрежесин бузгандарга айып пул арзандады жана жасалма номур таккандардын жазасы күчөтүлдү. Тиешелүү Мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык айрым жол эреже бузуулардын айып пулу 3 миң сомдон миң сомго төмөндөтүлдү. Ошону менен бирге машинесине жасалма номур тагып жүргөндөргө буга чейинкидей 10 миң сом эмес, 20 миңден 30 миңге чейин айып пул салынат.

Өлкөнүн маданий жайларына жакшы көңүл бурулууда. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрын оңдоп-түзөөгө 84 миллион сом, ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын ремонтуна 97 миллион сом бөлүндү. Биринчи маданий жайда оңдоп-түзөө иштери өткөн жылы башталган болсо, кийинкисинде жакын араларда башталганы турат.

Ош облусунун Алай районундагы Курманжан Датка тарыхый-этнографиялык музейинин чатыры алмаштырылып, экспонаттар да толукталды. 2015-жылдан бери чатырдан суу өтүп, ал ичиндеги материалдардын сакталышына да кедергесин тийгизип келген. Дээрлик 30 жылдан бери Алай ханышасына жана анын урпактарына таандык буюмдар сакталып келген музей тууралуу кийинки сюжетте сөз болот.

2019-жылы жалпы өлкө аймагында 155 миңден ашык наристелер жарыкка келди. Суткасына болжол менен 465 ымыркай төрөлөт. Калктын социалдык муктаждыктарын жоюуга багытталган “Балага сүйүнчү” программасы 2018-жылдан тарта мурдагыдай үй-бүлөлөрдүн кирешесин эсептебей, ар бир балага 4000 сомдон төлөнүп берилиши тууралуу Өкмөт токтом чыгарган. Андан бери жыл сайын 650 миллион сомдун тегерегиндеги каражат ымыркайларга берилип келет. 2019-жылдын экинчи жарымынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы да төрөт үйлөрүнө барып ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү дароо эле ошол жерден берип баштады.

Февраль айынын экинчи жарымында Москва шаарында Кыргызстанда Россиянын жана Россияда Кыргызстандын кайчылаш жылынын ачылуу аземи өтөт. Салтанаттуу азем эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда болот. Кайчылаш жылын өткөрүүгө эки мамлекеттин ортосунда атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. Комитет иш-чаралар планын иштеп чыкты.

Улуттук банктын Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишке киришти. Дата борбордун иши менен Президент Сооронбай Жээнбеков таанышып чыкты. Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору Улуттук банктын жана каржылык уюмдардын көлөмдүү каржылык маалыматтарын сактап, аны иштеп чыгуучу аппараттык комплекс болуп саналат.

Президент Сооронбай Жээнбеков баңгизатка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамды ден соолугуна байланыштуу деген жүйө менен абакка кесүүдөн баш тарткан Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматтан алды. Аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза колдонуу сунушунун мамлекет башчысына Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы берген.

Бүгүнкү күндө эң маанилүү көйгөй — үй-бүлөдөгү, анын ичинен аялдарга жана өспүрүм балдарга карата жасалган зомбулук. Бул маселени жөнгө салуу оңойго турбайт. Анткени бул үй-бүлө ичинде болгондуктан, көпчүлүк учурда сыр бойдон калууда. Мындай пикирин Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков билдирди. Анын айтымында жабырлануучулар көп учурда укук коргоо органдарына расмий түрдө арыз-даттануулар менен кайрылбайт. Ошол эле учурда күбөлөр да кайдыгер мамиле жасап, айтып берүүдөн баш тартат.