Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Санариптештирүүнү создуктурган жетекчилерге чара көрүлөт

Санариптештирүү – өлкөнүн артыкчылыктуу багыты. Бул калкка жеткиликтүү шарттарды түзүп, ашыкча бюрократияны кыскартып, убакытты үнөмдөйт. Алсак, «Түндүк» системасы аркылуу 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу 20 миллионго жеткен. Бирок калкка санариптик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтыруу, жөнөкөйлөтүү процессин жана биринчи кезекте маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктурган да жетекчилер жок эмес. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгилеген болчу.

Биз чек арага байланышкан митингдерге каршыбыз. Мындай пикирин бүгүн Баткен облусунун тургундары билдиришти. Алардын пикиринде Тажикстан менен болгон талаш жерлердин чечилишине кызыктар эмес күчтөр бар. Баткендеги чек ара маселеси Баткен элинин гана эмес бүтүндөй кыргыз элинин көйгөйү болуш керек. Кыргызстандын бүтүндүгү баарыбыз үчүн маанилүү. Ошондуктан көрүнгөн жактан тытмалап, сындабай, бийликке чечкенге мүмкүнчүлүк берели, маданияттуу жол менен чечели деген пикирлерин билдиришти.

Ош облустук ооруканасында атайын бейтаптар үчүн лифт ишке кирди. Буга чейин ооруканадагы лифттер жарактан чыгып, бейтаптарга бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Ал эми Ош облустук төрөт үйүндө эскилиги жеткен вентиляция системасы жаңыланды.

Борбор калаада өткөн коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу мушташ менен коштолду. Уруш өз ойлорун айталы деп келген жөнөкөй жарандарды тегерек столго киргизбей койгондон улам чыккан. Эске салсак, жаңы мыйзамга ылайык коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөдөн келген акча каражаттарын эмне иштерге жумшап жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды жыл сайын элге ачык берип турушу абзел. Мыйзамдын демилгечилеринин айтымында, бул биринчиден мамлекеттин коопсуздугу үчүн жана элдин коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишеничин жогорулатуу максатында болуп жатат.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2019-жылы жалпы суммасы 77 млн долларга долбоорлорду каржыланган. Фонд иштеп баштагандан тарта бардыгы болуп 379 млн долларга 2 миң 351 долбоор бекиткен. Бул тууралуу бүгүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу куру сөз менен гана чектелбей, маалыматтарды ачык айкын бериши керек. Мындай ойлор Коммерциялык эмес уюмдар жана юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө арналган тегерек столдо айтылды. Көпчүлүк катышуучулар мындай мыйзам өлкөгө керек экенин айтып өтүштү.

Өлкөнүн бардык аймактарында пилоттук режимде ишке кирген «Электрондук нотариат» системасы «Түндүк» аркылуу нотариустун Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдардан маалымат алуусуна жол ачат. Бул чаралар эң негизгиси калктын убактысын үнөмдөп, коррупциялык тобокелдерди жоюуга өбөлгө болот.

Быйыл Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында үч мобилдик тиркемени ишке киргизет. Бул Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында аткарылчу долбоорлордун тизмегин толуктайт. Алар кыргызстандыктарга кандай жардам тийгизе алат?

Быйыл апрель окуяларына он жыл болот. Бул маанилүү датаны белгилөө боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иштер алып барылууда. Ошонун алкагында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чыгармачыл чөйрөнүн арасында конкурс жарыялады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкери Насирбек Алмаматовдун иши боюнча экинчи инстанцияда мамлекеттик айыптоочу болгон прокурор ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Аны жумуштан бошотулушу Коопсуздук кеңешинин жыйынынан соң болду. Анда Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, өкүмдү өзгөртүп, Кылмыш кодексинин 325 жана 326-беренелери боюнча кине коюлган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы чиновниги Насырбек Алмаматовдун бошотуп салганын катуу сынга алган.

Кайгуул кызматы түзүлгөндөн тарта борбор калаада кылмыштуулук жана кырсыктардын саны 20 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин башчысы Канат Жумагазиев билдирди. Ал аталган кызмат буга чейин Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорун гана тейлеп келсе, жаңырган жылдан тарта Октябрь жана Ленин райондорунда да толук кандуу иштеп баштады. Учурда бул кызматта жалпы 545 кызматкер иштеп жатат.