Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн троллейбустарга камералар орнотулат

Жакын арада борбор калаадагы троллейбустардын бардыгында видеокаттагычтар болот. Учурда 2 млн сом бөлүнүп, сатып алууга тендер жарыяланды. Алар жүргүнчүлөрдүн гана эмес, жол кыймылын да көзөмөлдөгөнгө жардам берет.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 82 миңге жетип, 2800дөн ашык адам каза болду. Бирок, бул илдеттен сакайгандардын саны дагы күн санап өсүп, азыркы тапта 33 миң адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда коронавирус дүйнөнүн 46 мамлекетинде катталды. Ал эми Кыргызстанда болсо эпидемиологиялык абал туруктуу. Тышкы иштер министрлигинин эсеби боюнча, оору катталган өлкөлөрдө 3 миң 102 кыргызстандык жаран бар. Алардын ичинен круиздик кемедеги бир кыргызстандыкта коронавирустун жеңил формасы бар экени аныкталып, Япониянын ооруканасына жаткырылды.

Балдарды колдоо жылына карата уюштурулган “Баластан” акыл таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында өткөн иш-чарага, өлкөнүн жети дубанынан келген 7 жаштан 12 жашка чейинки мектеп окуучулары катышты. Анда башталгыч класстын окуучулары «Баластан» журналы тарабынан түзүлгөн суроолорго жазуу түрүндө жооп беришип, жогорку упай топтогон окуучулар байгелүү сыйлыктар менен сыйланышты.

Чүй облусунун Аламүдүн айылында суу мунарасы курулду. Эми айыл тургундары 230 метр тереңдиктен тартылган таза сууну пайдалана баштайт. Скважинанын көлөмү 100 кубометрди түзүп, 500гө жакын үйдү ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Аны курууга жергиликтүү бюджеттен 4 млн 650 миң сом жумшалган.

Россия менен Кыргызстан жакын, ишенимдүү шериктеш жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөш. Эки өлкө лидерлери Эриш-аркак жылын расмий түрдө ачты. Кремль сарайында өткөн салтанатта өлкө башчылары сөз сүйлөп, эки мамлекеттин ортосундагы байланыш мындан ары да бекемделе берерин белгилешти. Кызматташтык жылдын ачылышы эки өлкөнүн өнөрпоздору катышкан гала-концерт менен коштолду.

Эриш-аркак жылынын расмий ачылышы саналуу сааттардан кийин башталат. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына барды. Мамлекет башчысынын эки күндүк иш сапары Кремль дубалынын жанындагы “Белгисиз жоокердин” эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан соң Президент Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Ошондой эле Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен тар курамдагы жолугушуу болду.

Кыргызстандагы ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар ЕАЭБдин талаптарына жооп берет. Өткөн жылдын аягында лабораторияларга керектүү жабдуулардын баары алынып келинген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түндүк аймак боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды.

Быйыл дыйкандар жасмык, соя, буудай, жүгөрү, пахта, тамеки, төө буурчак эгүүнү, жашылча-жемиштерди жана көп жылдык чөптөрдүн аянтын көбөйтүүлөрү керек. Ал эми Өкмөт тарабынан дыйкандардын ишкердигин каржылоо колго алынып, жеңилдетилген насыялар берүү улантылат. Бүгүн парламентте жазгы талаа иштерине даярдык боюнча өкмөттүн маалыматы угулду.

Былтыр өлкө аймагындагы айылдык кеңештерге айымдарга 30 пайыздык квота берүү боюнча мыйзам кабыл алынганы баарыбызга маалым. Анын башкы себеби катары көптөгөн жергиликтүү кеңештерде депутат аялдардын жок болгондугу айтылып келген. Шайлоого аттанам деген айымдарды даярдоо жана мыйзамдык, укуктук жол-жоболорду үйрөтүү максатында лидерлик мектеби түзүлдү.

Эреженин жети түрүнө каралган айып пулдун өлчөмү азайгандан бери, «бактылуу каттарын» төлөгөн айдоочулардын саны 10%га өстү. Буга чейин адам өмүрүнө коркунуч жаратпаган эреже бузууларга каралган 3 миң сомдук айып, коомчулукта бир топ нааразычылык жараткан. Мыйзамга өзгөртүү киргизилип, айып пул 1000 сомго кыскартылгандан тарта «бактылуу каттарынан» батыраак кутулууну каалагандар көбөйдү. Маалым болгондой, «Коопсуз шаар» иштеп баштаган бир жыл аралыгында жалпы 1 млндон ашык жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Айдоочулар анын 57%ын төлөгөн.