Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жер-жерлерде ишкерлерди колдоо өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган

«Жер-жерлерде ишкерлерди колдоо өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган». Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районунун кайра иштетүүчү жана айыл чарба ишканаларынын ишмердиги менен таанышуу учурунда билдирди. «Кант-Сүт» ЖЧКсы сүт иштетүүчү ишканага барган Мамлекет башчысына ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 140 тоннаны түзөөрүн маалымдашты. Ишкана өлкөнүн сүт өндүрүшүнүн алдыңкы сабында турат, анын продукциясы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна экспорттолот.

Инвесторлорду колдоо, аларга көмөк көрсөтүү менен өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө мүмкүн. Ал үчүн аларга ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек. Салыкты ачык төлөп иштеп жаткандарды улам текшере бербей, көмүскө иш алып барып жаткандар менен күрөшүү абзел. Ошондой эле салык процедураларын фискалдаштырууну тездетүү керек. Бул жөнүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгын чыгарган отурумунда билдирди.

Бүгүндөн тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында “Супер кудалар” кинокомедиясы көрсөтүлө баштады. Тасма кудалар ортосундагы мамилени чагылдырып, жашоодо болуп жаткан оң жана терс көрүнүштөрдү камтыйт. Фильмдин режиссёру Эрмек Таалайбеков болсо, башкы каармандын ролун белгилүү тамашоучу Эмил Эсеналиев аткарган.

“Мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясаты – ички миграцияны кыскартуу максатын көздөйт. Ал эми ички миграцияны кыскартуу үчүн алгач жер-жерлерде ишкердикти колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүү керек. Азыр ушул багыттагы иштер кызуу жүрүп жатат”. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди.Анда ал 2020-жыл үчүн бекитилген жаңы Жарлыктын максаттары менен милдеттери тууралуу да айтып берди. Эл менен жолугушуу суроо-жооп таризинде уюштурулуп, инвестиция, айыл чарба, соода, салык, бажы жана кызмат көрсөтүү жаатында жүрүп жаткан иштер жөнүндө сөз болду.

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга чыккандан бери талкуу чынында кызуу жүрүп жатат. Түрдүү уюмдар түрдүү жыйындарды өткөрүп, бири кереги жок, мурдагы эле мыйзам калсын дешсе айрымдары бул өзгөртүүлөрдү туура көрүп колдоп жатышат. Ошондой жыйындардын бири жакында чыр менен аяктаган. Ал чырдын чоо-жайын окуяга катышкан коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү маалымат жыйында түшүндүрүп беришти.

Кытай менен өлкөнүн Ош облусу да чектешет. Коронавирусту алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында түштүк региондо да штаб түзүлгөнү маалым. Азыркы тапта ооруну жуктуруп же шек саналган жарандар катталган эмес.

Аймактарды өнүктүрүүгө банктар да активдүү катышып келет. Алсак, былтыр Айыл Банк насыялардын дээрлик жарымын айыл чарба тармагына берген. Эми банктын алдында акча которуунун жаңы түрлөрүн “Түндүк” системасына киргизүү, эл аралык карталардын көлөмүн жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар турат.