Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бизнес-акыйкатчы институту эмне кызмат аткарат?

Ар бир ишкердин укугу корголот. Бул жаатта жаранга былтыр түзүлгөн Бизнес-акыйкатчы институту жардамга келет. Коомчулукта иштегенине бир жыл боло элек институт олуттуу кадамдарга барып, ишкерлердин жолун тоскон көйгөйлөр менен күрөшөт деген ишеним чоң. Негизи эле, Бизнес-акыйкатчы деген ким? Ал эмне иштерди аткарат жана институттун алдына кандай конкреттүү милдеттер коюлган?

Өлкөбүздүн атынан Кытайга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Жалпысынан 7 тоннаны түзгөн жүктө медициналык каражаттар бар. Жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт” өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип берилмекчи. Антисептик, зыянсыздандыруучу жана жеке коргоочу каражаттар буга чейин Кыргызстанга Кытайдан келген каттын негизинде жөнөтүлдү.

Эки тараптуу жолугушуулар, форумдар, Орусиянын бир катар шаарларында Кыргызстандын элчилигинин кеңселеринин ачылышы. Мына ушул иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын алкагында өтөт. Бул быйылкы жылга пландалган иш-чаралардын бир бөлүгү гана.

Март айынан баштап педагогикалык багытта окуган студенттердин стипендиясы эки эсеге көтөрүлөт. Бул өз кезегинде мугалимдердин статусун жогорулатып, бул жаатта окуган балдарга стимул берет. Буга чейин окуудагы жетишкендиктерине жараша студенттер 800 сом алып келген болсо, жаздан тарта 1600 сом ала баштайт.

Кезинде Кыргызстан союздук республикалар арасында алдыңкы агрардык өлкө катары саналып, ички дүң продукцияларын өндүрүүдө айыл чарбанын үлүшү 44 пайызга чейин жеткен убактар болгон. Союз кулаган соң баягы ири чарбалардын баары талкаланып, майдаланып кеткен. Агрономдордун республикалык конференциясында сүйлөп жатып өкмөт башчы чарбаларды кайрадан ирилешип биригүүгө чакырып, бул учурдун негизги талабы экенин белгилеп өттү.

Телепремьера!
Бир гана “Пирамида” телеканалында “Евромакс” таанытуучу программасы. Өткөрүп жибербеңиз! Ар жекшемби сайын саат 21:00дө.
Өзүнө репортаж, афиша, саякат-шоу элементтерин айкалыштырган позитивдүү телеформат.
ЕВРОМАКС – бул европалыктардын жашоо образын чагылдырган жагымдуу, жумалык тележурнал. Европа мегаполистеринин өзгөчө архитектурасы, ошондой эле алардын кызык толгон күндүзгү жана түнкү жашоосу, мода жана дизайн дүйнөсүнөн жаңылыктар жана европалыктардын кулинардык жетишкендиктеринин сырлары.
Ушунун баары европа теле көрүүчүлөрүнүн арасында атактуулукка ээ болгон жана Венециядагы “Hot Bird TV Award” ошондой эле Гамбургдагы “WorldMediaFestival Award” сыяктуу көптөгөн сыйлыктарына татыган “Евромакс” теле долбоорунда.