Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-венгер инвестициялык фонду түзүлөт

Кыргыз-венгер инвестициялык фонду түзүлөт. Кыргызстандык студенттердин Венгриянын университеттеринде билим алуусуна квоталык орундар көбөйтүлөт. Бул маселелер Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртонун жолугушуусунда талкууланды. Ошондой эле, Сийяртонун официалдуу визитинин алкагында Кыргызстанда Венгриянын элчилиги ачылды.

Кыргызстан сууга бай өлкө. Андыктан анын гидроэнергетикалык потенциалы да чоң. Өлкө аймагында ГЭСтерди курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалга, Нарын дарыясында сегиз каскаддык гидроэлектр станциясын курууга болот дешет адистер. Бүгүн Бишкекте өткөн «Гидроэнергетика. Борбордук Азия жана Каспий — 2020» аталышындагы IV эл аралык конгресс-көргөзмөдө ГЭСтерди курууга инвестор табуу иштери жүрүп жатканы маалым болду. Бул жаатта биз менен кызматташууга көпчүлүк өлкөлөр кызыктар.

Бишкек шаарынан башка дагы беш шаардын жарандары өзүнүн перзентин мектепке берүү үчүн үйдөн чыкпай эле электрондук кезекке тургузуп кое алат. Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектептери да былтыртан баштап иштеп жаткан электрондук кезек пилоттук долбооруна кошулду. Ата-энелер кааласа үйүнө жакын жайгашкан мектепке, кааласа башка жерге деле кезекке тура алат.

Чүй облусунун ички жолдорун ремонттон өткөрүү жана асфальт төшөө иштери быйыл да улантылат. Соңку үч жыл аралыгында облустун 165 чакырым ички жолдоруна асфальт төшөлүп, ага 330 млн сом акча каражаты жумшалган. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин өндүрүштү көзөмөлдөө жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Бекназар Базаралиев билдирди. Ал быйыл дагы 60 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келди. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Айтымында, долбоор 15 миң жумуш орунун түзмөк, алдыңкы жогорку технологиялык өндүрүш киргизилип, бюджетке ири көлөмдөгү акча которулмак.

Аймактарды өнүктүрүү эми кластердик система менен ишке ашат. Ага өлкөнүн ар кыл каржы институттары көмөк көрсөтөт. Бүгүн, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен аймактарды кластердик система менен өнүктүрүү үчүн түзүлгөн координациялык топтун биринчи жыйыны өттү. Анда аймактарды өнүктүрүү, ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аткарыла турчу маселелер талкууланды.

Кечээ жааган кардан улам Ош шаарынын көчөлөрү көк муз болуп тоңуп, автоунаалар үчүн кооптуу абал жаралды. Мындан улам калаа тургундары тиешелүү кызматтар тарабынан туз, кум себилбей жатканына нааразы. Ал эми мэрия өкүлдөрү шаар көчөлөрүнө инерттик материалдар убагында себилгенин билдиришти.