Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Президент: Биз тарыхты кайра жазуу аракеттерине каршы чечкиндүү күрөшөбүз

Кыргызстанда коррупция менен күрөш уланып, иштер мындан ары да күчөтүлөт. Мындай пикирин мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Президент коррупцияга малынган аткаминерлерди камаганда гана маселе чечилип калбастыгына токтолуп, коррупцияга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча санариптештирүү ишке ашырылып жатканын айтты. Мындан тышкары, акыркы эки жылда аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, ишкердикти колдоо менен жумуш орундары түзүлгөнүн эске салды. Ал социалдык тармакты колдоо, ирригация, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарына жооп берген тышкы саясатты жүргүзүүнү убада кылганын айтып, алар ырааты менен ишке ашырылып жатканына токтолду. Ошондой эле, өлкө башчысы, быйыл парламенттик шайлоо болоорун эске салып, коомчулукта шайлоо босогосунун чеги тууралуу талкуулар токтой электигин, жыйынтык чыгарарда “Жети өлчөп бир кесүүгө” эл өкүлдөрүн чакырды.

«Дени сак улут-дени сак балдар». Аты айтып тургандай, улуттун дени сак болуп, муундан муунга жоголбой сакталышы үчүн бакубат өспүрүмдөрдүн болуусу шарт. Акыркы учурларда экологиянын булганышынан уламбы же кыймылсыз жашоо образдын деңгээли жогорулашынан уламбы айтор дүйнө жүзүндө балдардын ден соолугу начарлап кеткенин белгилүү эл аралык уюмдар айтып келишет. Кыргызстанда быйылкы жыл санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүгө кошумча балдарды коргоо жылы деп расмий жарыяланган. Анын алкагында өлкө аймагында кичинекей жарандарды жашынан сергек жашоого үндөп, татыктуу муунду тарбиялап чыгаруу аракеттери көрүлүүдө.

Ленинград блокадачылары дүйнөгө каармандыктын, кайраттуулуктун жана баатырдыктын бийик үлгүсүн көрсөттү. Алардын кылган эмгеги тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калаары шексиз. Эмгек өлбөйт. Ошол себептен, борбор калаада Ленинградды курчоодон бошотууга катышкан баатырларыбыздын башын бириктирген “Эрдик телекөпүрө” баарлашуусу өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Россия, Испания, Франция, Португалия өлкөлөрү катышып, телекөпүрө аркылуу сүйлөшүп, көзү өткөн блокадачыларды эскеришти.

Былтыр мамлекеттик казынага 148 млрд 254 млн сом киреше түшүп, 2018-жылга салыштырмалуу 13 млнго көбөйгөн. Бирок жылдын жыйынтыгын чыгарганда план 97 пайызга аткарылганы айтылып, республикалык бюджетке 4 млрд сомго жакын каражат түшпөй калганы белгилүү болгон. Анткени былтыр казына 152 млрд сом киреше түшөрү белгиленген эле.

Эч ким, эч качан унутулбайт. Убакыт өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу да, катаал да жылдары алыстап барат. Быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл. Кандуу согушка Кыргызстандан 360 миңдей жоокер аттанып, 160 миңге чукулу согушта окко учкан. Алардын 90 миңден ашууну эрдик көрсөтүшүп, баатырларча курман болгон. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 262 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жеңилдиктер каралган?