Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирустан айыккандардын саны күн санап өсүүдө

Кытайда чыккан коронавирустан айыккандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө илдеттен 16 миңден ашык адам сакайган. Ал эми бул оору 2 миңдей кишинин өмүрүн алса, жуктуруп алгандар 75 миңден ашты. Кыргызстанда бул ооруну алдын алуу боюнча бардык керектүү иштер жүрүүдө. Бул үчүн атайын штаб дагы түзүлгөн. (2)Учурда Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандардын арасында бул вируска чалдыккан бир да учур каттала элек.

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүү тутуму жаңыланат. Эми жарандар электрондук түрдө паспорт алмаштырууга, соттолбогондугу тууралуу маалымкат алууга арыз жаза алат. Ошондой эле өлкөнүн 10 билим берүү мекемелеринде пилоттук түрдө «Келечектин мектеби» долбоору ишке кирет. (2)Ал аркылуу окуучулардын күндөлүктөрү жана журналдары электрондошот. Бул программанын натыйжасында ата-энелер балдарынын кайсы жерде жүргөнүн дагы биле алышат.

Акыркы эки жылда акысыз гемодиализге 1 миллиард 600 миллион сом бөлүндү. Учурда бул акысыз гемодиализ менен дарыланып жаткан бейтаптардын саны бир жарым миңден ашуун. Алардын бардыгы милдетүү мамлекеттик камсыздандыруу фонду аркылуу мамлекеттин каржылоосу менен акысыз дарыланышат. Күн санап дүйнө жүзүндө бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын саны өсүүдө жана ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар.

Соңку жылдары билим берүү тармагына мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулуп жатканын байкаса болот. Тармакка жыл сайын республикалык бюджеттен сезилээрлик каражаттар бөлүнүп, билим берүү мекемелериндеги башкаруу системалар санариптештирилүүдө. Өткөн жылы өлкө аймагындагы мектептердин 99 пайызы интернетке туташтырылган. (2)Бул көрсөткүч 2018-жылы 67 гана пайызды түзгөн. Быйыл алыскы тоолуу аймактарда жайгашкан дагы 31 мектеп интернетке туташтырылат.

Шайлоо өнөктүгү жакындаган сайын саясий активдүүлүк жогорулайт. Бирок шайлоого ким кандай катышса өз эрки, шайлоодон соң турмушту, өлкөнүн келечегин унутпаш керектигин Президент Сооронбай Жээнбеков күн мурун Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирген болчу. Учурдан пайдаланып, өлкө башчысы парламенттин трибунасында мамлекеттин саясатына, экономика жана аймактарды өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарына кеңири токтолуп өткөн эле. Акыркы эки жылда аткарылган иштер боюнча коом кандай ойдо?

Мамлекеттик ипотекалык компания ушул күнгө чейин 4 миң 600гө чукул зайым берген. Бул насыялардын жардамы менен акыркы эки жылда 4 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Мындан ары эми бул сандардын жогорулашы күтүлүп жатат. Ал арада Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы долбоорлорду ишке киргизди. Өлкөдө ипотекага үй алуу кандай тартипте ишке ашат?