Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанда коронавирус жок

Учурда өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Вирус жуктуруп алган адамдар катталган жок. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда илдетке каршы текшерүүдөн өткөндөрдүн саны 842ге жетти. Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барып жаткан эки лаборатория тең ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталган жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда аккредитацияланган. Андыктан алардын иштөө сапаттарынан шек саноонун кажети жок.

Былтыр алгачкы ирет өткөн “Региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу форумунда берилген тапшырмалардын жана сунуштардын 80 пайыздан ашыгы аткарылды. Бул туурасында Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди. Анын айтымында, региондордогу мамлекеттик мекемелер, медицина, билим берүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы санарипке өтүүдө. Республика аймагындагы мектептердин 99 пайызына интернет кирди. Ишкерлерди колдоо борборлору ачылып, экономикада өсүш байкалды.

Санарип саламаттык сактоо тарамагына да активдүү киргизилүүдө. Тармактын ишин жаңы деңгээлге чыгаруу максатында олуттуу реформалар жүргүзүлүп жатат. Анда инновациялык технологияларды колдонуу менен телемедицина, онлайн- кеңешмени ишке киргизүү колго алынган. Азыр Бишкек шаарында электрондук кезек долбоору иштеп, ал аймактарда да активдүү жайылтылып жатат.

Буга чейин өлкө аймагы боюнча бир жарым миңдей баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени маалым болгон. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Бишкек шаарынын 8 жаңы конушунда гана 414 баланын күбөлүгү жоктугу аныкталган. Учурда министрликтин кызматкерлери жер-жерлерди кыдырып, каттоодо жок балдардын тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырууда.

Жаздын алгачкы күндөрүнөн тарта дыйкан-фермерлер талаа жумуштарына билек түрө киришет. Баарынын максаты — түшүмдү мол алуу. Бул үчүн дыйкандар болгон аракетин көрүп, айыл чарбадагы акыркы технологияларды колдонуу менен эмгек жана каражатты аз талап кылуу жолдорун үйрөнүүнүн үстүндө. Азыркы убакта минималдуу чыгымдар менен мол түшүм алуунун жолдору арбын.

Кыргызстанда спорттун хоккей түрү келечекте көптү үмүттөндүрөт. Себеби улуттук курамадагы оюнчулардын ордун басчу татыктуу шакирттер өсүп келе жатат. Алсак, борбор калаадагы муз аянтчаларында бир нече жаштар тарбия алып, машыгып жатышат. Азыр алар хоккей боюнча 15-мартта өтө турган өлкө биринчилигине даярдык көрүп жаткан чактары.

IT чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн транспорттук логистика түзүүнүн кажети жок. Дүйнө жүзүндөгү компанияларга жеке кызматтарды үйдө отуруп эле сунуштап, сатса болот. Мына ушул идеяларды ишке ашыруу максатында дээрлик 7 жыл мурда Жогорку технологиялар паркы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө мында 81 компания катталып, өткөн жылы алардын кирешеси 900 миллион сомдон ашкан, бул каражаттардын дээрлик 90% – кызматтарды экспорттоодон келип түшкөн. Биздин IT-компаниялар такси чакыруу боюнча Uber системасы, Spotify музыка сатуу системасы сымал дүйнөлүк масштабдагы алптар менен иштешет. Кыргызстанда соода-сатыктын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн мыкты системалар боюнча интернет-соода-сатык кластерлери да бар. Ошондой эле өлкөдө компьютердик оюндар, анимация, АКШдагы жүктөрдү автоматташтыруу тармактары да жакшы өнүгүүдө. Бул берүүдө Инновациялык технологиялардын таасири жана учурдагы абалы тууралуу Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов айтып берди.

Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдарды алуу жеңилдеди. Эгерде буга чейин “балага сүйүнчүнү” алуу үчүн бир нече ай керектелсе, эми эки күндүн ичинде алууга мүмкүн. Электрондоштуруу ишинин натыйжасында документтерди тапшыруу, чогултуу оңойго турду. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги “Түндүк” системасы аркылуу жети мамлекеттик орган менен документ алмашууда активдүү иш жүргүзүп жатат.

Кыргызстанда паспорт алуу бир кыйла жеңилдеди. Санариптештирүү колго алынгандан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын иши жөнөкөйлөштүрүлүп, электрондук түрдө иштей баштады. Жарандардын паспорт алуу үчүн документтерди чогултуп убара болгону жоюлуп, автоматташтырылган маалымат базалары түзүлдү.

Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы. Учурда өлкөдө 262 гана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери калды. Душмандардын мизин кайтырып, ачык асман алдында бакубат жашоону камсыздап бергендердин катарында Жапар Хакимов да бар. Ал 17 жашында өз каалоосу менен фронтко аттанган.

Ош шаарында Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Бул Кыргызстандын Орусиядагы, Орусиянын Кыргызстандагы кызматташтык жылынын алкагында пландалган иш-чаралардын бири. Ал эми жалпы билим берүү жаатында быйыл 40ка чукул иш-чаралар мерчемделген. Кызматташтык жыл кандай жаңылыктар менен коштолот?