Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Тогуз коргоол — кылым карыткан кыргыз оюну

Тогуз коргоол — бул кылым карыткан кыргыз оюну. Оюн тез эсептөө, алдын ала көрө билүү жана логиканы өстүрүүдө пайдасы чоң. Кыргыздар жаш муундарга жашоо-турмушта эң керектүү болгон сапаттарды ушул оюн аркылуу негиздегенге, тарбия-таалим берүүгө аракет кылган. Азыркы техниканын өнүккөн заманында кылым карыткан кыргыз оюнуна кызыккандардын саны артып жатканы кубандырат.

Акыркы жылдары дүйнөдө экология маселеси курч турат. Экологдор эгерде буга тез арада жапа тырмак чара көрүлбөсө, бүтүндөй адамзаттын келечеги коркунучка кептелерин, айтып келишет. Табигый кырсыктар орун алып, ысык аба ырайы, суу ташкындары, таза аба, таза суу жана башка көйгөйлөр жаралат. Дүйнө коомчулугу буга чара көрүү максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп келет. Бүгүн экономика министрлигинде бийлик өкүлдөрү, экологдор, жарандык коом жана чет өлкөлүк уюмдардын катышуусунда конференция өттү.

Суроо-талап сунушту пайда кылат. Дүкөндөрдүн текчелеринде тизилген товарларды көрүп, биз импорттук товарларга артыкчылык берерибиз дароо байкалат.. Биз эмне үчүн чет элдиктерге ооз толтура мактаган «Made in KG» брендин өзүбүз аз сатып алабыз?

Узун кезекке туруп, убакыт короткон заман артта калды. Жарандар документтерди алуу жөрөлгөсү жөнөкөйлөштүрүлгөнүнө ыраазы. Буга чейин 5-6 саатка чейин кезек күткөн жарандар эми керектүү маалым каттарын алууга 5-6 мүнөт гана убакыт коротушат. “Бирдиктүү терезе” аркылуу дагы кандай шарттар түзүлдү?

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус аныкталган жок. Учурда илдет боюнча дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдонмолоруна ылайык иштелип чыккан аракеттердин алгоритми боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Өлкөгө Кытай, Түштүк Корея, Япония, Иран жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинге алынууда. Ал эми учурда жогорку окуу жайларынан тартып бала бакчаларга чейин вирус тууралуу маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Быйыл Улуу Жеңишке 75 жыл. Ошол кандуу согушка Кыргызстандан 360 миңдей жоокер аттанган. Согуш талаасында 160 миңге чукул эр азаматтар окко учуп, алардын 90 миңден ашууну эрдик көрсөтүшүп, баатырларча курман болгон. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 262 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бар. Алардын катарын Садыр Мамбеткожоев толуктайт. Ал быйыл 95 жашта.