Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Калаа жашоочулары жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөй баштады

Калаа тургундары коомдук транспортторго киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөй баштады. Бишкекте 1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы толук кандуу ишке кирди. Учурда автобус менен троллейбустардын ичинде долбоордун адистери иш алып барууда. Алар системанын ишине байкоо салып, шаардыктарга жол кирени төлөө боюнча кеңеш берип жатышат.

2020-жылга мерчемделген иштер кагаз жүзүндө гана калбай, белгилүү бир багытка ээ болуп, жыйынтык алып келиши керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн биринчи кезектеги иш-аракеттеринин планын аткаруу боюнча кеңешмеде билдирди. Айтымында, жалпысынан 2020-жылга биринчи кезектеги иш-аракеттердин планы 100 милдеттен турат. Аларга 150 иш-чара киргизилген, анын ичинен 50%ы 1-сентябрга чейин аткарылышы керек.

Ноокат районунда жылына 500 тоннадан ашык алма алынат. Анын 20%ы экспортко кетсе, калганы өлкөнүн ички базарларын камсыздайт. Даамы менен өзгөчөлөнүп турган Ноокаттын алмасы жаз айларына чейин сакталып, тартыштык жаралбайт. Бул бир чети кардарларга ыңгайлуу болсо, экинчи жагынан багбандар түшүмүн салыштырмалуу кымбат баада сата алышат.

Борбор калаада 5 жаштан 15 жашка чейинки балдар арасында «Обон» музыкалык кароо-сынагы өтүүдө. Ага Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын 400гө жакын жаш таланттары катышып жатат.

Быйыл миллиондон ашкан гүлдөр борбор калаанын көркүн ачат. «Бишкек жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы жазга даярдык иштерин баштады. Учурда кызматкерлер гүл, көчөттөрдү отургузуп жатышат. Андан сырткары, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө веложолдорду куруу, тротуарларды оңдоо боюнча иштер тиешелүү ишканалардын кызматкерлери тарабынан аткарылууда. Белгилей кетсек, быйыл борбор калаада жаңы 8 эс алуучу сейил багы курулат.

Бүгүнкү күнгө карата Кытайдан жайылган коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында өлкөдө обсервацияда 298 киши бар. Бул тууралуу биздин каналга Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди. Айтымында, бардыгы тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп, анализдери таза чыккан. Ошол эле маалда 571 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ал ортодо күн мурун «Манас» эл аралык аэропортунда коронавируска каршы уюштурулган дарыгерлердин окуу-машыгуусу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан канааттандырарлык деп бааланды.