Ош шаарында тилсиз жоонун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчүлөрдүн жана май кампасынын кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди. Ошондой эле май куюучу жайларда эмгектенген жарандарга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
4-мартта Биринчи май райондук сотунда шейшемби күнү башталган Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс уланды. Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок. Сот отурумунун иштөө убактысы аяктагандыгына байланыштуу алдын ала угуулар 5-мартка жылдырылды.
23-марттан 1-апрелге чейин электрондук форматта өлкө аймагы боюнча эл каттоо жүргүзүлөт. Ал эми, республиканын алыскы аймактарында каттоо 20-апрелден 29-апрелге чейин улантылат. Бул өнөктүк үчүн мамлекеттик казынадан жарым миллиард сом бөлүнгөн. Каражаттар каттоочу координаторлордун маянасы жана ар кыл окутууларга каралган. Улуттук статистика комитетинен билдирилгендей, он жылда бир өткөрүлчү жараяндын негизги максаты — калктын так санын билүү. Мындан улам, эл каттоо — алдыда өтө турчу парламенттик шайлоого эч кандай байланышы жок.
Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 90 миңден ашты. Ага байланыштуу, бүтүндөй республика боюнча ар кандай профилактикалык-маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бүгүн борбор калаада Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү жана республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жарандарга вирустук оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берди. Андан сырткары,шаар жашоочуларына илдеттен сактануу эрежелери жазылган маалымат баракчалары да таркатылды.
Өлкөнүн ар кыл тармагындагы маселерди чечүү үчүн кыргызстандыктардын пикири эске алынып, бийлик жетекчилерине сунуш катары берилет. Демилгечилердин айтуусунда дал ушундай максатта жаңы коомдук уюмду түзүп жатышат. Кыргызстандын ар бир жараны митинг, нааразычылык акциясына чыгып көз-карашын билдирүүгө укугу бар. Ошол эле маалда башаламан митингдердин болуусу айрым учурларда коомдогу көйгөйдү көтөргөнү менен андагы терс көрүнүштөр мамлекеттин стабилдүүлүгүнө бут тосот. Мындан улам жаңы коомдук уюм эл менен мамлекеттин ортосунда көпүрө болуп, маселелерди маданияттуу түрдө чечүүгө умтулмакчы.
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москва шаарында өтчү салтанатка өлкөнүн атынан үч ардагер барат. Алар Ржев шаарындагы кыргызстандык аскерлерге арналып орнотулган эстеликтин ачылышына да катышатмакчы. Салтанаттуу иш-чараларга Президент Сооронбай Жээнбеков башында турган делегация барары күтүлүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Алардын бири Бишкек шаарында жашап жаткан 92 жаштагы согуштун катышуучусу Анатолий Киреев.
Талыкпаган эмгек үзүрүн сөзсүз берет. Ак эмгекти жаштайынан сүйгөн жаш таланттар — өлкөнүн эртеңки сыймыктуу жүзү. Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Кремль мамлекеттик сарайында өз өнөрүн тартуулаган кичинекей Мырзайым Токтосунова дал ошол эмгекти сүйгөн, үлгүлүү кыздардын катарын толуктайт. Чоң сахнага алгачкы жолу чыкканына карабай, 12-жаштагы музыкант кыз көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапты.