Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Жол инспекторлору айдоочу айымдарды куттуктады

Ош облусунда айдоочулардын болжолдуу 15%ын аялдар түзөт. Аймактагы жол инспекторлору билдиргендей, акыркы эки ай ичинде айдоочу айымдар жол эрежесин бузган учур катталган эмес. Бүгүн облустагы жол инспекторлору унаа башкарган аялзатын токтотуп, жаз майрамы менен куттукташты.

Бүгүн өлкөдө кылымдарды карыткан кыргыз калпагынын күнү белгиленүүдө. Бул күндү белгилөө идеясын 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров коомчулукка сунуштаган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, ал эми Жогорку Кеңеш мындан үч жыл мурда 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп жарыялаган. ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген улуттук баш кийимдин формасы Манас бабанын мезгилинен бери өзгөрбөй келе жатат.

Апрель айында жергиликтүү кеңештердин, ал эми күз айларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болору маалым. Мындай ири саясий окуялар өткөнгө чейин тиешелүү мыйзамдарга толуктоолор менен катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Алсак, Жогорку Кеңештин кароосундагы шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзам долбоору жакын арада парламенттин жалпы жыйынында талкууланганы турат.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 107 мектеп, 84 муниципалдык бала бакча бар. Бирок бул дагы деле жетишсиз. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү көздөп, жаңы социалдык имараттарды курууну алдыңкы сапка койгон. Азыркы тапта Бишкек шаарында 2 бала бакча жана 2 мектеп салынып жатат. Анын ичинен бир мектепти курууга атайын бирдиктүү депозиттик эсептен каражат бөлүнгөн. Калган үч социалдык имарат шаардык бюджеттен каржыланган.

Быйыл Бишкек шаары боюнча жалпы аянты 65 гектардан ашык сегиз сейил багы курулуп бүткөрүлүп, шаардыктар үчүн эс алууга берилет. Мындай жайларды куруудагы башкы максат акыркы учурларда актуалдуу болуп бара жаткан экологиялык маселелерди чечүү дешет шаардык муниципалитет кызматкерлери. Бир кездердеги бүткүл союзга даңкталган “жашыл шаар” деген аталышты кайра кайтаруу үчүн бардык күчтөр жумшалууда. Жаз алды менен иштер толук жанданып, жогорку темпте жүрүп жатат.

Жылдын эң ири спорттук иш-чарасы болгон Олимп оюндарына Кыргызстан спорттун 13 түрүнөн 21 жолдомо алууну пландап жатат. Азыркы тапта өлкө капчыгында 5 лицензия бар. Аларды жөө күлүктөр Юлия Андреева менен Дарья Маслова, билеги күчтүү балбандар Атабек Азизбеков менен Айсулуу Тыныбекова жана суучул Денис Петрашов алышкан. Учурда өлкө намысын коргой турган спортчулар кызуу даярданып жаткан маалы. Эми алдыда жолдомо ойнотулчу 50 чакты спорттук мелдештер өтөт.