Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Пенсия алуу жана тарифтик саясат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 672 миң адам ар кандай категориядагы пенсионер болуп саналат. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 7 млрд 895 млн сом каржыланган. Негизи пенсиялык система заманбап коомчулуктун жалпы өнүгүшүн мүнөздөгөн бир топ факторлордон көз каранды. Буга байланыштуу, мамлекет жүргүзгөн пенсиялык жана тарифтик саясат учурда калыптанып жаткан, демографиялык, ошондой эле социалдык-экономикалык чөйрөдөгү өзгөрүүлөргө өз учурунда жана тийиштүү түрдө жооп кайтарууга муктаж.

Бүгүнкү күндө бардык кызматтарды, жалпы эле коомду айымдарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Кайсы тармакта болбосун, аялзаты өз ишин керек болсо мырзалардан да мыкты аткарып, бардык нерсе колунан келерин далилдеп келишет. Бүгүн биздин чыгармачыл топ 30 жылдан ашык троллейбус айдап, жүргүнчүлөрдү бара турган жерине жеткирип келген айдоочу айым жана жол кыймылын көзөмөлдөп, күндүн ысык-суугунда эшикте кызмат өтөгөн инспектор айым менен баарлашып, кызматындагы кызыктуу окуяларын угуп кайтышты.

Бүгүн Бишкектеги Жапониянын элчилигинде жалпы суммасы 131 миң долларга бааланган грантка кол коюлду. Бул каражатка Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусундагы айрым мектептерге эмерек алынып, жылуулук системасы жасалып, ажаткана салынат. (2)Буга чейин Жапониянын “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” аттуу гранттык программасы Кыргызстанга 330 миң долларлык грант берген. Ал билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо жайларына, карылар үйүнө жана экология жаатына жумшалган.

Санарип Кыргызстан концепциясын ишке ашыруу максатында учурда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн тарта бардык тармактарда санариптештирүү жумуштары кызуу жүрүп жатат. Ата мекендик экономиканы өнүктүрүү максатында фискалдык тармак дагы санарип форматка өткөрүлүүдө. Мындай иш аракеттердин баарысы көмүскө экономиканын деңгээлин түшүрүү жана салыктан кыйгап өтүү жолдорду бууп салуу, бизнеске болгон ыңгайлуу шарттарды камсыздоону максат кылат.

Өлкөдө азык-түлүк, жеңил өнөр жай товарларынын тартыштыгы жок. Азырынча товарлардын көбү жетиштүү көлөмдө. Айрымдар тез ылдамдыкта жайылып жаткан коронавирус дүйнөлүк экономикага, анын ичинен Кыргызстанга да залакасын тийгизип жатат десе, адистер чочулоого себеп жок экенин белгилейт.

Жаз алды менен Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караган Мээркан Абдыкадырова айылынын бир чакырымдан ашык жолу асфальтталат. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, тендер жарыяланды. Ошондой эле таза суу жана мектеп маселесин чечүү да колго алынууда.

8-март — дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана кирип келген жаз айынын майрамы катары белгиленип келет. Бул эл аралык күндү көпчүлүк айымдар чыдамсыздык менен күтүшөт. Азыркы тапта кары, жашы дебей жакын адамына белек издеп жүргөндөр арбын. Бул жаатта адистер жакындарыңдын көңүлүн көтөрүп, жагымдуу маанай тартуулоонун бирден бир жолу — белекке гүл берүү экенин белгилешет. Дүкөндөрдүн ичинен гүлдөрдүн ханышасы болгон розанын түрлөрүн, орхидея, ромашка, тюлпан, айтор, жүрөккө жаккан жана капчыкка ыңгайлуу гүлдөрдүн түрүн тапса болот. Биздин чыгармачыл топ шаар аралап, кандай гүлгө суроо-талап күч экенин, деги эле аялзаты кандай белек алууну кыялданарын билип көрдү.