Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Таксисти муунтуп, машинасын айдап качкандар//патруль

Замандын талабына жараша бүгүнкү күндө жаш балдардын жөндөмүн арттыруу үчүн көптөгөн ыкмалар ойлонуп чыгарылууда. Анын бири менталдык арифметика. Дүйнө жүзүнө тараган ыкма бизге да жетип, үзүрүн көргөндөр четинен чыгууда.

Тез ылдамдыкта жайылып жаткан коронавирустун айынан дүйнөлүк экономика 3 триллион долларга жакын зыян тартышы мүмкүн. Глобалдык экономикадагы өсүш быйылкы жылга болжолдонуп жаткан 3 пайыздын ордуна 0,8 пайызга чейин түшүшү айтылууда. Бул көрүнүш биринчи кезекте илдет күч алып бара жаткан өлкөлөргө өтө чоң экономикалык сокку болот. Мындай пикирлерин дүйнө жүзүндөгү эксперттер билдирип чыгышты. Ал эми Кыргызстан боюнча айта турган болсок, вирустун экономикалык таасирлерин жөнгө салуу максатында президенттин сунушу менен атайын штаб түзүлгөн. Учурда тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча аракеттер башталды.

Быйыл ЖРТга каттоо 3-апрелде жыйынтыкталат. Каттоо мектепти же кесиптик окуу жай, колледжди аяктап жаткандар үчүн алар окуган жерде, ал эми окууну былтыр аяктагандар үчүн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө. Тестирлөөгө катталуу 50 сомго кымбаттап, 370 сомду түздү. Эми бул сумма алдыңкы 3 жыл аралыгында өзгөрүлбөйт.

Кыргызстанда бала багып алуунун жолдору жеңилдеди. Бала асырап алууну каалаган ата-энелерден талап кылынган документтердин саны кыскарды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашкандай, буга чейин кагаздарды жарандар тиешелүү органдардан чогултуп келсе, эми анын жарымынан көбү «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынат. Бул өз кезегинде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын толук кандуу үй-бүлөдө өсүү мүмкүнчүлүгүн тездетет. Ал ортодо өлкөдө 265 наристе болочоктогу атасы менен апасын күтүп жатат.

Жаңылыктар топтомун Улуу Жеңишти алып келген ардагерлер тууралуу репортаждар түрмөгү менен улайбыз. Бул сапар фронттун артында диверсияга каршы коопсуздукту камсыздоо милдети жүктөлгөн атайын түзүлгөн темир жол полкунун аскери тууралуу сөз кылабыз.