Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус: Жүргүнчүлөр учактын ичинен эле текшериле баштады

“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда Кыргызстанга учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлдү. Буга ылайык, жарандар алгач борттун ичинен медициналык кароодон өтүп жатышат. Ар бир учуп келген жүргүнчү учактын ичинен атайын анкета толтурат. Анда жүргүнчүнүн кайсы мамлекеттен келе жаткандыгы тууралуу маалымат көрсөтүлөт. Эгер учакта Түштүк Корея, Япония, Кытай, Италия жана Иран мамлекеттеринен келген жарандар бар болсо, алар милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге алынат.

Эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна барган Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Исфана -Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исхак Раззаковдун музейине баш багып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алганга дагы үлгүрдү.

Өкмөт 2009-жылдан кийин айдоо жана сугат жерлерге салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракетин көрүүдө. Бул багытта атайын мыйзам долбоору даярдалды. Документ кабыл алынса, кезинде айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз турак жай салынып калган аймактын социалдык абалы жакшырат.

Учурда өлкөдө долларга болгон дефицит жок. Улуттук банктын резервинде 2 жарым миллиардга жакын доллар бар. Өлкөнүн башкы банкы өзүбүздүн улуттук сомубуз кирген күндөн тарта эле валюта рыногунда эркин сүзүү жолун тандап алган. Тышкы чөйрөдө абал татаал бойдон калууда. Мындай шарттарда Улуттук банктын башкы максаты баа туруктуулугун камсыз кылуу. 10-мартта түштөн кийин өлкөдө долларга болгон талапты жөнгө салуу максатында Улуттук банк 53 миллион 700 миң долларга интервенция жасады.

Кыргызстан былтыр 8 мамлекет менен дипломатиялык мамилелерин бекемдеди. Өлкө жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышып, абройлуу уюмдарда төрагалыгын ийгиликтүү жыйынтыктады. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин тармактык комитетине былтыркы жылы аткарылган иштер боюнча отчет берди. Комитет мүчөлөрү министрликтин алдына коюлган тапшырмалар аткарылганын белгилешип, отчетун жактырды.

Чек ара маселелери жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек. Мындай оюн Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысы акыркы жылдарда бул багытта тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жандандырылып, активдешкенин айтты. Президент жашоочулар менен болгон жолугушууда Баткен облусунун жана чек арадагы Лейлек районунун маселелери өзгөчө орунда турарын, ошол эле маалда аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө мамлекет тарабынан артыкчылык берилип, көңүл бурулуп жаткандыгына токтолуп өттү.

Быйыл «Түндүк электр» ачык акционердик коому 60 миңден ашык акылдуу эсептегичтерди орнотот. Учурда «Түндүк электр» ишканасынын 200 миңден ашык абонентинде акылдуу эсептегичтер бар. Бул тармакта быйыл дагы кандай иштер аткарылат?

Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар стационарынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ремонт иштери былтыркы жылы август айында башталган. Мындан кийин аталган имараттын чатыры жана оорукананын башка бөлүмдөрү да капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарга жасаган иш сапарлары уланууда. Бүгүн, Мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен барды. Анын жүрүшүндө өлкө башчысы калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышып чыкты. Ошондой эле, облустун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алды.

Быйыл Бишкек шаарында жалпы 60 гектардан ашык аянтты ээлеген жаңы жашыл аймак курулуп, ишке берилет. Мындай сейил бактарды куруудагы негизги максат — акыркы учурларда актуалдуу болуп бара жаткан экологиялык маселелерди чечүү жана шаар тургундарына жакшы маанайда эс алуусуна шарт түзүү. Учурда калаа боюнча 8 парк курулууда.

Өлкөдө санариптик сабатсыздыкты жоюу колго алынууда. Мындан улам Digi Skills порталы түзүлдү. Анын башкы максаты — калктын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү. Маселен, жаран менен мамлекеттик кызматкер интернетти колдонуп иштей албаса, санариптик кызматтарды колдонуу, санариптик өлкөнүн өнүгүшү тууралуу сөз кылуу кыйын.