Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Быйыл 14 билим берүү мекемеси колдонууга берилет

Быйыл 14 билим берүү мекемеси колдонууга берилет. Өткөн жылы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан 110 курулуш объектиси пайдаланууга берилген. Былтыр толук бүткөрүлгөн жана курулушу жүргүзүлгөн объекттерге 2 млрд 774 млн сом сарпталган. Ал эми быйыл 100дөн ашык объекти пайдаланууга берилмекчи.

Бишкек шаарында жарандар көп жүргөн жайларда, базарларда, соода-сатык түйүндөрдө, айрыкча коомдук транспорттордо дезинфекциялык иш-чаралар күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлө баштады. Шаардык мэрия менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жүргүзүп жаткан мындай иш аракеттер жугуштуу оорулардан, анын ичинде дүйнө жүзүндө жайылып жаткан коронавирус инфекциясынан коргонуу максатын көздөйт.

Быйыл Бишкек дүйнөдөгү булганган шаарлардын катарына кирди. Бир кездерде калаабыз жашыл тукабага оронуп тураар эле. Шаар тургундары жана сырттан келген коноктор аны бакча-шаар деп аташчу. Бирок акыркы он жылда бир чети шаар кеңейип, экинчи жагы туура эмес инфраструктуралык саясаттын жыйынтыгында жашыл зоналар кыскарып кеткен. Бул көйгөйдү кечиктирбей чечүү үчүн шаардык кеңеш 2017-жылы борбордун жашыл фондун кеңейтүү концепциясын кабыл алган. Аны ишке ашыруу механизмдери боюнча бүгүн жыйын болуп өттү.

Борбор калаабыздагы автобус жана троллейбустар “Тулпар” электрондук билет системасына толугу менен өтсө, айдоочулардын айлык маянасы 85 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Сатыбалды Хакимов маалымдады. Анын айтуусунда жаңы киргизилген система айдоочулардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздайт. Учурда картаны чыгарган компания жарандарды 50 миңге чукул карта менен камсыз кылды.

Эскилиги жеткен мектептерди түп орду менен бузуу, ордуна жаркыраган, замандын талабына жооп берген билим уяларын куруу, аларга кошумча корпустарды салуу, бала бакча менен толук камсыз кылуу иштери өлкөнүн жети дубанында тең жүргүзүлүүдө. Жакынкы күндөрү Ноокат районундагы эки мектептин кошумча имараты бүтүп, 100дөй бөбөктү батырган бала бакча ачылуу алдында турат. Бул курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланууда.