Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош шаарында медициналык бет кап өндүрүлө баштады

Ош шаарында медициналык бет кап өндүрүлө баштады. Аны тиккен ишкана күнүнө 10 миң даана бет капты, айына 400 миңди, ал эми жылына 10 миллионго чейин масканы чыгара алат. Бардык талаптарга жооп берип, жууп кайра колдонууга жараган бет каптар туурасында аймактык кабарчыбыз Эрмек Муратбек уулунун материалында.

Ар бир оорунун алдын алуу — өздүк гигиенаны сактоодон башталат. Жыл башынан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу үчүн кандай гана чаралар көрүлбөсүн, ар бир адам өзүнө өзү кам көрбөсө, ден соолугун жабыркатып алышы толук ыктымал. Андыктан адистер, гигиена эрежелерин сактоо менен биргеликте, адамдар массалык түрдө чогулчу жайларга барбай турууну сунушташат.

Бишкек шаардык сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өттү. Сотто Ирина Воронцова төрагалык кылууда. Белгилей кетсек, шаардык сот айыпталуучулардын жактоочуларынын Свердлов райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын карап жатат.

Ковид-19 илдети учурда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикасынан тышкары, коомдук-саясий турмушуна да өтө чоң таасирин тийгизип жаткан учуру. 14-мартта Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңештин чукул жыйыны өтүп, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаал талкууга түшкөн болчу. Анын жыйынтыгы менен кандай чечимдер кабыл алынып, кийинки кадамдар кандай болот?

Кыргыз-казак чек арасы товар жүгүртүү жана бизнес үчүн жабылбайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү. Мамлекеттик резерв фондунда 60 миң тоннаны түзгөн буудай жана ун сакталып турат. Мындан сырткары, бюджеттен ун жана буудай алып келүүгө 400 миллион сом бөлүнсө, дагы 2 банк 200 миллион сомдон берет.