Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирустун алдын алуу чаралары Ош облусунда да жигердүү жүргүзүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдын алкагында талап кылынган чектөөлөрдү аткаруу жана коронавирустун алдын алуу чаралары Ош облусунда да жигердүү жүргүзүлүүдө. Алсак, аталган аймакта коомдук транспорт токтотулган жана базар, соода түйүндөрү карантинге жабылган. Атайын санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, жарандарга тиешелүү көзөмөл болуп жатат.

Өлкө аймагынын 7 облусунда 14 санитардык-карантиндик пост иштей баштады. Ал посттордо Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет. 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал абалы республика боюнча жарыялангандыгына байланыштуу, учурда медиа кызматкерлери социалдык түйүндөрдө колду туура жуу үчүн флешмоб уюштура башташса, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жарандарга үйдөн чыкпоо керектиги тууралуу саат сайын коңгуроо кагышууда.

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аялдамаларды, таштанды салуучу контейнерлерди жана аянттарды тынымсыз дезинфекциялап жууп жатышат. Борбор калаанын төрт районунда беш миңдей контейнер тазалоодон өтүүдө.

«Жарандар зарыл иштери болбосо, өлкө аймагынын ичинде бир жерден экинчи жерге барууга болбойт». Адистердин мындай билдирүүлөрүнө карабастан, себепсиз сапарга бараткандар аргасыз кайра артка кайтышы мүмкүн. Санитардык-карантиндик посттордо элдин агымы көп болгондуктан, сааттап тыгында турган унаалардын саны арбып жатат.

Өлкө аймагында коронавирус илдетине чалдыккан жарандардын саны 16га жетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы бүгүн, дагы эки бейтап илдетти жуктуруп алгандыгы аныкталгандыгын билдирди. Алар Ноокат районунун жана Ош облусунун жашоочулары. Ошондой эле, бүгүн өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирустун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн жыйын берди.