Жума, 19 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус инфекциясынан улам Кыргызстанга киргизилген өзгөчө кырдаалда кандай чаралар көрүлөт?

Дүйнө жүзү боюнча дээрлик 350 миңден ашык адам COVID-19 коронавирусуна чалдыгып, алардын ичинен жүз миңге чукулу бул илдеттен айыгып чыкты. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирусун жуктурган 16 адам аныкталды. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 8, Ош облусунун Ноокат районунда – 5, Бишкек шаарында – 2 жана Баткен облусунун Баткен районунда – 1 бейтап изоляцияга алынып, тиешелүү түрдө дарыланып жатат. Күн мурун, 22-мартта Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Жер-жерлерге санитардык-карантиндик посттор коюлуп, унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип жатат.

Өлкө аймагында коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 44кө жетти. Бүгүн дагы эки жарандын вирусту жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын бири — 60 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу болсо, экинчиси Дубайдан келген 1985-жылкы эркек киши. Жалпы 44 жарандын ичинде 1 жашка толо элек наристе дагы бар. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы бейтаптан тышкары, бардыгынын абалы канаттандырарлык. Ошондой эле бүгүн обсервацияда жаткан 2014 жарандын көпчүлүк бөлүгү үй карантинине жиберилди. Себеби, алардын коронавирус илдетине карата берген экинчи аналаздери таза чыкты.

#коронавирус #covid #covid-19

Өзгөчө абал киргизилген район-шаарлардагы режимдердин сакталышын Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы көзөмөлдөйт. Эгерде тартипке көнбөй, коменданттык сатта көчөгө чыгып, эрежелерди бузган жарандар болсо, анда аларга карата атайын чаралар көрүлөт. Деги эле өзгөчө абал деген эмне? Коменданттык саат учурунда кандай тартип болушу керек?

#коронавирус #covid #covid-19

Ал эми азыр болсо назарыңыздарды дүйнөдө болуп жаткан кабарларга бурабыз.

#коронавирус #вирус #covid19

Азыр назарыңыздарды дүйнөдө болуп жаткан кабарларга бурабыз. Экономика, туризм, саясат, маданият жана медицина, айтор эң акыркы жана эң актуалдуу жаңылыктарга кесиптешим Алина Бактыбекова саресеп салмакчы.

#коронавирус #covid #covid-19

Эми өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык саат күчүнө кирет. Бул — кечки саат 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин кыймыл токтойт дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу бүгүн атайын уюштурулган пресс-конференцияда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөнбиев жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдер билдиришти. Алар баш калаанын жана режим киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин, башкача айтканда, эртеңки коменданттык саат күчүнө киргенге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керектигин белгилешти.