Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

#ДүйнөлүкКабарлар: Грузияда борбордук көчөлөр дезинфекцияланды

#коронавирус #covid #covid-19

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетинен айыккандардын саны жүз миңге жетти. Ал эми бул инфекциянын очогу болгон Кытай эл республикасы бул илдетти акырындык менен жеңип келе жатат. Кыргыз өлкөсүнө да келген вирустун алдын алуу максатында, республиканын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Эми карапайым калк белгилүү бир мөөнөткө чейин үйдөн чыкпай отурууга мажбур. Кыргызстандыктар карантин күндөрүн кандай өткөрүп жатышат?

#коронавирус #covid #covid-19

Кечээ коменданттык сааттын эрежелерин бузган жалпы 320 адам кармалып, 9 унаа токтотулду. Коменданттык саат талабын бузган адамды милиция же аскердик патруль бул мөөнөт аяктаганча кармап турат. Ал эми жанында документи жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө камалат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өзгөчө абал киргизилген кезде сууну, электр энергиясын жана газды өчүрүүгө мүмкүн эместигин кошумчлайт. Буга ылайык, учурда өкмөттө коммуналдык кызматтардын акысын төлөөнү кечиктиргендиги үчүн туумду чегербөө маселеси каралууда.

#коронавирус #covid #covid-19

Коронавируска чалдыккан 6 адам реанимация бөлүмдөрүнө жаткырылды. Ал эми жалпы 44 жарандын ичинен 10 адамдын абалы орточо оор. Калган бейтаптардын абалы канаттандырарлык. Кечээтен тарта кээ бир аймактарда күчүнө кирген өзгөчө абал коронавирус илдетин жайылуу коркунучун кыскарта алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү бул тууралуу маалымат берип жатып «дарыгерлер дагы аталган вирусту жуктуруп алды» деген кеп жалган экендигин кошумчалады. Өлкө аймагында бул илдет менен күрөшүүдөгү абал кандай?

#коронавирус #covid #covid-19

Эл аралык уюмдар, ар кыл өнөктөштөр Кыргызстанга коронавирус илдети менен күрөшүүдө жардам берүүгө дилгир. Кыргызстан гана эмес, дүйнө жүзү бул илдеттен коргонуп, ага каршы күрөшүп жаткан учурда донорлор финансылык жана материалдык колдоону токтотпостон, жардам берүүсүн улантышууда. Негизи буга чейин эле алар өлкөгө жардам көрсөтүп келгени баарыбызга айкын. Бул учурда дагы ар тараптуу колдоо эл аралык “Сорос” фонду, Кызыл жарым ай коому сындуу уюмдар тарабынан көрсөтүлүп жатат.

#коронавирус #covid #covid-19