Россиянын Екатеринбург шаарынын түгөйлөрү коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан бейтаптардын жүзүнө жылмаюу тартуулоо үчүн колдо бар буюмдардын жардамы менен күлкүлүу жана креативдүү беткаптарды жасашууда. Ал эми Америка кошмо штаттарында COVID-19 коркунучтуу илдетинен бир жашка толо элек наристе каза болду.
Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал жарыялангандан тарта борбор калаа Бишкекке бир нече санитардык-карантиндик өткөрмө пункттары коюлган. Учурда бул жерлерде медицина жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат. Шаарга кирген ар бир автоунаа текшерүүдөн өтүүдө.
Мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыктар улантылууда. Эми окуучулар жана жогорку окуу жайлардын студенттери аралыктан окушат. Атайын онлайн программаларды колдонуу боюнча тренингдер өткөрүлүп, студенттерге, магистранттарга колдонуунун эрежелери онлайн видеокурстар аркылуу тушүндүрүлгөн. Азыркы учурда мугалимдер студенттерге онлайн сабактарды AVN системасы, электрондук почта, WhatsApp, Skype, Zoom тиркемелери аркылуу жана Google Classroom, Google Forms сервистерин колдонуп өтүшүүдө. Сабак өтүүдө мугалимдер онлайн курстардын шилтемелерин жөнөтүшүүдө жана өздөрү иштеп чыккан электрондук усулдук куралдарды колдонушууда.
Өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптардын саны 100дөн ашты. Бүгүн бул вирусту дагыгерлер дагы 13 адамдан аныкташты. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов билдирди. 107 бейтаптын ичинен үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор жана бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду.
Бишкектин көчөлөрүндөгү чектөөлөр дагы күчөтүлөт. Коронавирусту өлкө аймагында жайылтпоо, аны менен күрөшүү үчүн коюлган талаптарга баш ийбеген ар бир жаран мыйзам чегинде жоопко тартылат. Өзгөчө абал кирген Ош жана Жалал-Абад облустарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар азайганы менен, борбор калаада дагы деле аз эмес көлөмдө катталып жатат. Буга ылайык, Бишкек шаарынын комендатурасы бүгүнтөн тарта ордо калаада адамдардын жана автоунаалардын көчөдө жүрүүсүнө кошумча чектөөлөрдү киргизди.
#коронавирус #covid #covid-19 #чп #чс