Домой Жаңылыктар Саясат Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук угуу 15-ноябрга жылдырылды

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук угуу 15-ноябрга жылдырылды

4
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала соттук угуулар өтүүдө. Айыпталуучулардын арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдор бар. Булар менен бирге негизги фигурант катары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да шектүү катары өтүүдө.