Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Башкы прокуратура: Коопсуздук Кеңештин чечимдерин аткарбаган жетекчилер кызматынан алынат

Коопсуздук Кеңештин акыркы жыйынын чечимдерин аткарбаган органдар жазаланып, айрым аткаминерлер кызматынан кол жууп калышы да мүмкүн. Азыркы тапта Башкы прокуратурада кеңештин жыйынтыгында коюлган тапшырмаларды аткаруунун үстүндө иштер жүрүп жатыптыр. Атап айтсак, коррупциялык жосундар боюнча тиешелүү кылмыштардын тизмеси, декларация мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Ал эми Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык, сапатсыз маалыматтарды бергендиги, мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн эскертүү алган каржы полициясында санариптештирүүнү тездетүү боюнча иштер колго алынууда. Аталган кызматтын коллегиясында төмөн көрсөткүч көрсөткөндүгү жана начар жыйынтыктарга жетишкендиктери үчүн 64 кызматкер тартип жазасын алышкан.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *