Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Бишкек ЖЭБ: негизги делген айыпталуучулар

27-ноябрда Бишкектин Жылуулук электр борборун  оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, ЖЭБ боюнча айыпталгандарды 17 жылга чейин камакка алууну суранышты. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, айыпталып жаткан Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Ошондой эле айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүштү. Мындай жазадан сырткары айыпталуучулардын мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чиндерин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу тууралуу суранычтар айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *