Домой Жаңылыктар Экономика Бишкекте дыйкандарга арналган форум өттү

Бишкекте дыйкандарга арналган форум өттү

9

Өкмөттүн 2018-2022-жылдарга бекитилген “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасынын алкагында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация  министрлиги менен биргеликте бир катар бей өкмөт уюмдар  бир топ алгылыктуу иштерди  жүргүзүп келет. Бүгүн борбор калаада дал ушул программанын айланасында форум уюштурулган. Иш-чарага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы  жана мелиорация министрини орун басары Жаныбек Керималиев катышып, дыйкан-фермерлер бүгүнкү күндө регионалдык консултациялык кызматтардын көмөгү менен жакшы түшүм алууга жетишип жатат деп баса белгиледи.