Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Күндөр жана кылымдар» тасмасы жарык көрдү

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында бир катар иш чаралар өтүп жатат. Борбор калаада «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китептин бет ачары болду. Китеп 500 нускалуу, анын автору Апилмажун Темиралиев. Автордун айтымында, китепте Айтматовдун жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин жана байкагычтыгын көрүүгө болот. Андан сырткары, китепте жазуучу тууралуу ырлар, макалалар жана аны менен жолуккан адамдардын маектери камтылган. Китеп бир томдон туруп, кыргыз тилинде жарык көргөн.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *