Пирамида
С Вами на все времена!Кыргыз парламентинин алгачкы синхрондук котормочусу, дасыккан, бай тажрыйбага ээ адиси Жумагүл Карагулова былтыр октябрь айында 60 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Жумагүл Карагулованын жарыш котормодогу чеберчилиги, бул тармактын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө кошкон салымы азырга чейин айтылып жүрөт. Жумагүл Карагулова 1995-жылы атайын жарыяланган сынактын негизинде Жогорку Кеңештин Аппаратына орношуп, парламенттин I чакырылышынан тарта VI чакырылышына чейин иштеген. Ошону менен бирге, 1995-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн улук консультанты, эксперти, бөлүм башчынын орун басары, Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ой-пикир калтыруу