Домой Жаңылыктар Саясат Эл өкүлдөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Эл өкүлдөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

20

Эл өкүлдөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Күн мурун Жогорку Кеӊештин вице-спикери Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугуп, алардын койгон маселелерин угушту. Ошондой эле эл өкүлдөрү республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, бирок курулушу толук бүтпөгөн социалдык объектилер менен жеринен таанышты.